ӨЛКӨНҮН КАРЫЗЫ 5,6 МИЛЛИАРД ДОЛЛАРГА ЖЕТТИ

№1072 23-29-июнь, 2023-ж.

Кыргызстандын карызы 2023-жылдын апрель айынын жыйынтыгына карата 5 миллиард 640 миллион 34 миң долларды түздү. Каржы министрлиги билдиргендей, мунун 4 миллиард 524 миллион, 93 миң доллары тышкы, 1 миллиард 115 миллион 41 миң доллары ички карыз болуп эсептелет.

Азыркы учурда мамлекеттик карыз ички дүң продукциянын 53,25 пайызын түзөт. Тышкы карыздын ири көлөмү Кытайдын Экспорт-импорттук банкына таандык. Өлкөнүн аталган банкка карызы учурда 1 миллиард 737 миллион долларды түзүүдө. Бул банктан алынган карызга Кыргызстанда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо сыяктуу ири долбоорлор каржыланган.

2023-жылы Кыргызстан карызды төлөөгө 48,6 миллиард сом, 2024-жылы 64,7 миллиард сом, 2025-жылы 75,1 миллиард сом төлөөнү пландоодо.

Буга чейин азыркы бийлик өлкөнүн карызын дароо төлөп салууга мүмкүнчүлүк бар экенин, бирок келишимге ылайык, антүү Кыргыз тарапка пайдасыз экенин билдирген.

Тышкы карызды төлөөнүн эң оор учуру 2023-2026-жылдар экени да айтылган.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо