ДЕПУТАТ АМАНКАН КЕНЖЕБАЕВ АКИМДИ МЫЙЗАМ БУЗУУГА ЧАКЫРДЫ. Мыйзам чыгаруучудан лайфхак...

№1073 30-июнь - 6-июль, 2023-ж.

Парламент депутаты Аманкан Кенжебаев Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадыловду мыйзам бузууга чакырды. 26-июнда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары жана экология комитетинин жыйынында Ысык-Көлдүн түндүк жээгине жаңы канализация системин куруу долбоору боюнча иштин жүрүшү талкууланды. Аким долбоорду ишке ашыруу үчүн алгач суу түтүгү өтүүчү жер маселесин чечүү, айрым жерлер боюнча сот чечимин күтүү керек болуп жатканын айтты. Депутат Аманкан Кенжебаев ишти тездетүү үчүн мыйзамды тепселеп салса эч нерсе болбойт дейт.

- Мен да аким болуп иштегем. Элге, мамлекетке керек иштерде мыйзамды бузам. Элге керекпи, эмнени карап отурабыз? Соттун чечими керек, жеке менчиктин жери экен деп отура беребизби? Анда мен барып Бостери менен Чолпон-Атанын жаштарына айтайын, силерге караганда батыраак чечип келишет алар – дейт Кенжебаев.

Ысык-Көлдүн акими мыйзамды бузууга болбой турганын эскертип өттү.

- Биз деле күйүп жатабыз. Бирок бардык маселе укуктук талаада чечилиши керек да. Жаштар менен барып алып коёбуз деген нерсе туура эмес – деди аким.

Албетте, көйгөй тез чечилиши керек. Бирок депутат Кенжебаевдин “мыйзамды буза берели”, жерлерди алыш үчүн жаштардын күчүн пайдаланалы деген чакырыгы 7-чакырылыштын айрым депутаттарынын деңгээлинен кабар бергенсийт. Болбосо, мыйзам чыгаруучу жана анын кынтыксыз аткарылышын көзөмөлдөөчү адам акимди мыйзам бузууга чакырабы?

Буга чейин депутат Жеңишбек Токторбаев жеке маселесин чечүү үчүн сотторго акча бергенин Жогорку Кеңештин трибунасында туруп жарыялаган.

Эскерте кетсек, Чолпон-Атадагы суу тазалоо курулмасын жаңылоо үчүн Азия өнүктүрүү банкы 62 миллион доллар бөлгөнү жатат. Долбоордун алкагында Бостери жана Кара-Ой айылындагы тазалоо курулмалары да жаңыланмакчы.

Депутаттар долбоорду ишке ашырууга даярдыкты бүтүрүүгө 3 ай убакыт беришти. “Сентябрда макулдашуу парламентке ратификацияга келсин” деген талап коюшту 26-июнь күнү.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо