БУУнун ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН ИШИ ТАЛКУУЛАНДЫ

№1075 14-20-июль, 2023-ж.

12-июлда Бишкекте тегерек столдо БУУнун Өнүктүрүү программасынын өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы талкууланды. Жыйынга өкмөттүн, жарандык коомдун жана жеке сектордун өкүлдөрү катышты. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев БУУнун Өнүктүрүү программасы ишенимдүү өнөктөш экенин белгиледи. Ал эми БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен бийик максаттарды күчтүү өнөктөштүк менен гана ишке ашырууга болорун айтты.

- БУУӨП бардык деңгээлдеги мамлекеттик жана жарандык коомдогу кызыкдар тараптардын социалдык-экономикалык, экологиялык жана демократиялык прогресске умтулуусун ишке ашыруу үчүн колдоо көрсөтөт – деди Чемберлен. Президенттик аппараттын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы Алмаз Исанов өлкөнүн жашыл жана санариптик экономикага карай жолун баса белгилеп, ишкердикке жана креативдүү экономикага басым жасады: "БУУӨП бул багыттагы олуттуу саясатты жана программаларды ишке ашырууга салым кошту, кризиске каршы турууда колдоого алды, аз дегенде пандемия жана чек ара кризистери учурунда - деди ал.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо