№429 21-27-январь, 2011-жыл.
Мезгил үнү
Экс-вице-премьер Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров да июнь окуяларын иликтөө боюнча Улуттук комиссиянын кара тизмесинде жүрөт. Кайсы айыбы үчүн? Коюлуп жаткан айыптарды моюнга алабы? Өзүнөн сурап көрөлү.
– Сизди “июнь окуясында курал таратып жүргөн” деп жатышат. Буга карата сиздин жообуңуз?
– Биринчиден, Улуттук комиссияга токтоло кетсем, ал өзүнүн статусуна жараша жыйынтыгын кенен изилдегенден кийин гана чыгарышы керек болчу. Мисалы, бир жетим бала нан уурдады дейли. Бирок эмне үчүн уурдады деген себебин карай келсек, ал ачка болгонунан улам ушундай кадамга барышы мүмкүндүгү ачыкка чыгат. Ушул сыңары эле, Улуттук комиссия “бул минтти, ал тигинтти” деп укук коргоо органдарынын ишин кылып жатышат. Анын ордуна “мындай окуя экинчи кайталанып кетпеши үчүн эмне кылышыбыз керек?” деген суроого баш катырып, алдын ала чараларды көрүшпөйбү?
Ал эми сиздин сурооңузга келсек, мен бирөөгө курал таратчудай кызматтагы адам эмесмин. Курал чыгаруучу заводум да жок. Улуттук статустагы комиссияга эл арасында имиштерди угуп, анын негизинде жыйынтык чыгарууга болбойт.
– Июнь окуясына чейин жана анын жүрүшүндө эмне менен алек болуп жүрдүңүз эле?
– 10-июнда жаңжал башталганын угарым менен УӨнүн мүчөсү Эмилбек Каптагаевге жолуктум. “Ошко барайын” десем, ал “Бишкекте да абал кооптуу, бул жакта калгыла” деди. Анын кеңеши менен КТРКнын имаратын эки күн кайтардык. Бирок 13-июнда Оштун коогалаңынын белгилери Жалал-Абадда байкалганда түнү менен Жалал-Абад облусуна 20дай жигит чогуу бардык. Биз элдик кошуун менен комендант Кубатбек Байболовго жардам берип жаттык. 2 БТРди кайтарып келдик, өрт өчүрүүчүлөр менен иштештик. Үйлөргө өрт коюп жүргөндөрдү да кармап келгенбиз.
– Эми Улуттук комиссиянын расмий жыйынтыгына кандай жооп кыласыз?
– Актанганды жаман көрөм, бирок аларды Кудайга койдум. Алардын жыйынтыгында көрсөтүлгөндөй, Майлуу-Сууга барган эмесмин. Эки-үч күндөн кийин Бишкекке кайтканмын. Улуттук комиссия мени чын эле күнөөлүү деп эсептесе, анда ишти укук коргоо органдарына өткөрүп берсин. Эгер ишти далилдей алышпаса, анда мен аларды сотко берем.
Ошол учурда үйүндө башын катып жатып, азыр бизге окшогондорду күнөөлөп жаткандар да кайдигерлиги үчүн эки эсе жаза алышын күтөм. Айта кетейин, биз май айында Ош шаарында жаштардын курултайын өткөрөлү деп жатабыз. Июнь окуясы кандайча токтоду? Ал Убактылуу өкмөттүн күчү менен токтотулган жок. Ошондо көтөрүлүп чыккан кыргыз жаштарынын сүрүнөн улам токтоду.
Эльвира Караева
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |