БИР БҮРКҮМ. ПЕНСИЯ КӨТӨРҮЛҮШҮ МҮМКҮН...

№1076 21-27-июль, 2023-ж.

  • Кыргызстан 6 айда 35 миң тоннадай сүт экспорттоду.
  • Президент Садыр Жапаров жаңы “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамга кол койду.
  • 17-июлда Баткен аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
  • Өлкөдө автоунааларынын алдынкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүүнүн баасын арзандатуу сунушталды.
  • Абылкасым Шерниязов Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп дайындалды.
  • Парламент төрагасы Нурланбек Шакиевдин бир тууганы Жыргалбек Шакиев Ленин районунун акими болуп дайындалды.
  • Социалдык фонд: Быйыл октябрда пенсиянын суммасын көтөрүү пландалууда.
  • Быйыл күзүндө мектеп директорлору менен ЖОЖ окутуучуларынын айлыгы көбөйтүлөт.
  • 2023-жылдын 6 айында өлкөдө жол эрежесин бузган айдоочулардан 241 миллион сом айып пул өндүрүлгөнү айтылды.
  • Ысык-Көлдө 18-июль күнү сууга чөгүп бараткан жигитти милиция кызматкерлери куткарып калышты.
  • “Манас” аэропорту жарым жылда 2 миллион 500 миң жүргүнчүнү тейледи деп маалымдалды.
  • Мектеп окуучулары колдончу дептерлерди эми Кыргызстан өзү чыгара баштай турганы айтылды, буга чейин Орусия менен Өзбекстандан сатып алынчу.
  • Төө-Ашуу тоннели 26-июлга чейин убак-убагы менен жабылып турат, себеп – тоннелге асфальт төшөө иши.
  • Өлкөдө этникалык кыргыздарды ЖОЖдорго кабыл алуунун мөөнөтү 19-августка чейин узартылды.
  • Энергетика министрлиги энергетика тармагына 3 жылга өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо