КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТТУН ЧЕЧИМИН КАЙРА КАРООГО МҮМКҮНЧҮЛҮК БЕРИЛЕТ

№1076 21-27-июль, 2023-ж.

"Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Тагыраагы, мыйзамга Конституциялык сот өзүнүн чечимин кайра карап, жокко чыгарышы мүмкүн деген берене кошулуп жатат. Демилгенин автору – Кыргыз президенти. Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, эми Конституциялык сот өзү чыгарган чечимди президенттин же же Конституциялык соттун төрагасынын сунушу боюнча айрым учурларда кайра карашы мүмкүн. Кандай учурларда?

Мисалы, Конституциянын чечим кабыл алууга негиз болгон беренеси өзгөрсө, чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон жаңы олуттуу жагдайлар ачылса, чечим Кыргыз элинин моралдык жана адеп-ахлак баалуулуктарына, коомдук аң-сезимге каршы келсе.

Мындайда Конституциялык сот чечимди кайра кароо жөнүндө токтом чыгарып, мурунку чечимин жокко чыгарат. Азыркы мыйзамдарга ылайык, Конституциялык соттун чечими акыркы болуп эсептелет жана анын кайра каралышы мүмкүн эмес.

Жакында Конституциялык сот 18 жашка толгон Кыргыз жараны “отчествонун” ордуна “матчество” алса болот деген чечим чыгарган. Мындай чечим коомчулукта талкууну кызытып, көпчүлүк каршы чыкты. Балага атасынын эмес, апасынын атын ыйгаруу улуттун тамырына доо кетирет деген пикир көбүрөөк айтылды. Бул арада УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “эч кандай “матчество” болбойт, чечимди ким кабыл алса, кайра өзү жокко чыгарышы керек” деп чыкканы эсиңизде бардыр.

“Матчествого” байланыштуу Конституциялык соттун жогорудагы чечими “улуттун адебине, моралдык баалуулугуна каршы келет” деген жүйө менен кайра жокко чыгарылганы калды көрүнөт. Мыйзам долбоору коомдук талкууга илинди, аны Жогорку Кеңеш каникулдан келгенде карашы күтүлөт.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо