ЖАҢЫ АК ҮЙДҮ ДУБАЙЛЫК УСТАЛАР КУРУП БҮТҮРӨТ

№1076 21-27-июль, 2023-ж.

Бишкекте жаңы Ак үйдүн курулушун үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында бүтүрүү пландалууда. Курулушту тездетүү үчүн Дубайдан келген жумушчулар ишке тартылганын 17-июлда президент Садыр Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигине атайын техникаларды тапшыруу аземинде билдирди. Президент Кыргыз жарандарын жалкоо деп сындады.

- Кыргыз өзү өлгүдөй жалкоо элбиз. Мына, жаңы өкмөт үйүн куруп жатабыз. Ал жерде 500дөй кыргыз жигити иштеп жаткан. Күнүнө 8 сааттын ордуна 5 саат иштешет, ишемби, жекшемби жок, керек болсо дүйшөмбү күнү да келбей коюшат. 5 эле саат иштешет дегеним, 8 сааттын 1 саатын түшкү тамактанууга, 1 саатын телефон чукулаганга, дагы 1 саатын тамеки чеккенге коротушат. Чет элдиктер 1 күндө бүтүрө турган ишти биз 1 жумада да бүтүрө албай жатабыз. Айлабыз кетип, кечээ Дубайдан Бишкекке учуп келген 800дөй курулушчуну алып калдык. Сентябрга чейин курулушту бүтүрүүгө жардам берип, андан ары Асман шаарын салганы кеткиле дедик. Биздикилер жумуш жок дешет, бар жумушка келишпейт. Келсе да жумуш оор экен деп кетип калышат, оор болсо ишине жараша акы төлөнүп жатат да – деди президент Жапаров.

Бишкекте жаңы президенттик резиденцияны куруу иши 2022-жылы башталган. Жогоруда айтылгандай, сентябрда курулушу бүтүп, октябрда ал жерде 12 президент катышкан КМШга мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин саммитин өткөрүү пландалууда.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо