ОШ ОКУЯСЫНА ОТУНБАЕВА КҮНӨӨЛҮҮБҮ?

№429 21-27-январь, 2011-жыл.

Мезгил үнү

Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы кандуу окуяларда президент Роза Отунбаеванын күнөөсү барбы? Учурда ушул суроо көңүл чордонунда. Ош коогалаңын иликтеген Улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев: «Референдумда эл президент деп тандап алган Роза Отунбаеваны Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн трагедияга күнөөлүү деп айтууга тилим барбайт»,- дейт.

ОТТУ ЖАККАНДАР КӨП, ӨЧҮРҮҮГӨ КЕЛГЕНДЕ...
Өлкөбүздүн тарых барактарында кара тамгалар менен жазылып калчу Ош окуясы кайрадан коомдун көңүл чордонундагы маселеге айланды. Арадан сегиз ай өтүп, эски жылда калса дагы, канчалаган үй-бүлөлөрдүн жарааты айыга элек. Кашыктап чогулткан мал-мүлкү бир түндө чачылып, баш калкалаган үй-турагы заматта өрттөлүп, канчалаган мекендешибиз жакындарынан айрылды.

– Биз депутаттардан кандуу окуяда күч структураларын жетектеп турган аткаминерлерди жоопкерчиликке тартуу боюнча токтом кабыл алууну сурайбыз. Абдыганы Эркебаев.

Абдыганы Эркебаев жетектеген Улуттук комиссия өз жыйынтыгын жарыялаганын жазып чыкканбыз. Бул кишини угуп отурсаң, өзүнөн башкасынын баары күнөөлүү. «Ош окуясы үчүн күнөөлүү» деген тизме Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн баштап, экс-президент Курманбек Бакиевдин жакындары, өзбек лидерлери, аягы Эркебаев мырза өзү көзү менен көрбөгөн, керек болсо тааныбаган үчүнчү күчтөр менен бүткөн.
Улуттук комиссия өз миссиясын ийгилик­түү аяктадыбы же жокпу, кыскасы, «айыбы бар» деп бир нече адамдын ысымын жарыялады. «Күнөөлүүлөрдүн колоннасы» тийиштүү деңгээлде жооп тартабы, азырынча бүдөмүк.

– Түштүк окуяларынын себептерин изилдөө боюнча Улуттук комиссиянын көрсөткөн жыйынтыгы – бир тараптуу жана карандай калп. Депутат Исмаил Исаков.

ТҮШТӨН КИЙИН АЙТУУГА ТИЛ БАРБАЙБЫ?
Абдыганы Эркебаевдин билдирүүсү боюнча, өзбек лидерлери кандуу кагылыш чыгарууга даярданып жатышканы тууралуу маалыматты чекисттер Отунбаевага 9 ирет айтышкан экен. Ошого карабай президент Роза Отунбаеваны күнөөлүү деп айтууга тил барбай турат. Кечээ, парламенттик шайлоо өткөнгө чейин Ош окуясы үчүн кимди күнөөлүү деп жатышты эле? Болгон жана болбогон күнөөнүн баарын «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаевдин моюнуна илип жатышпады беле? Жергиликтүү жана орусиялык ММКлар туш тараптан тепкилеп, аны «кандуу июнь окуясынын келип чыгышына түрткү болгондордун бири» деп жатышты. Ал эле эмес, «азыр кыргыз элинин душманына айланган Кадыржан Батыров менен жолуккан» деген кептер элдин арасында уу-дуу болду. Улуттук комиссиянын маалыматы боюнча, Текебаев өзбек лидери менен телефон аркылуу гана байланышкан.

– Атайын кызмат Роза Отунбаевага өзбек лидерлеринин коогалаң уюштурууга даярданып жатканы жөнүндөгү катты июнь окуясына чейин 9 жолу киргизген.
Абдыганы Эркебаев.

Ошол эле учурда Алмазбек Атамбаев жана Роза Отунбаева Кадыржан Батыров менен бетме-бет сүйлөшүшкөнүн айтып жатышпайбы. Баса белгилеп коюучу жагдай, 7-апрелге чейин бир команда болуп келгендер «баары бирөө үчүн, бирөө баары үчүн» деген эрежени эстен чыгарышты. Анткени Өмүрбек Текебаевди күнөөлүү деп жаалап жатышканда, Роза Отунбаева баш болгон УӨнүн негизги лидерлери пикирлешин коргоп бир ооз кеп айтууга жарашкан жок. Баары өз көмөчүнө күл тартуу менен убара болушту. Эрксизден ойго дагы бир нерсе келет. Парламенттик шайлоого чейин саясий айдыңда «Ата Мекендин» лидер экендиги баарына белгилүү болчу. Балким, кимдир бирөөлөргө шайлоо алдында Өмүрбек Текебаевге карата башталган кара пиар ыңгайлуу болгон чыгар. Анткени 7-апрелден кийин бийликке келген жана парламенттик шайлоого аттанган «Ата Мекен», КСДП, «Ак шумкар» жана «БЭКтин» ичинен Текебаев жана Атамбаев жетектеген партиялар гана күчтүү атаандаштар эле. Алар колдоруна бекем тие элек бийликти ич ара бөлүшө албай жатканда башка саясий күчтөр ойгонуп, партиялык иштерин алга жылдырып алууга жетишишти. Жыйынтыгында парламентке кимдер келип калганын баарыбыз көрбөдүкпү...

– Кадыржан Батыровдун дачасына УӨнүн беш мүчөсү жана Роза Отунбаева барып жолукканы тартылган компакт диск бир генералда бар экен. Андай материал
УКМКнын колунда да болушу мүмкүн. Депутат Жылдыз Жолдошева.

– Июнь окуялары жөнүндө чындыкка дал келбеген маалыматтарды жарыялаган орусиялык «Фергана.ру» сайтын жабуу керек. Депутат Дастан Бекешев.

КАН АЛЫС УЗАТПАЙТ
7-апрель окуясында «Ала-Тоо» аянтында курман болгондордун соту ортодон үзгүлтүккө учурап, ушул убакытка чейин уланбай отурат. «Оштун оту менен ойнобогула» деп какшап жүрүп эле, улуттар аралык жаңжалды башыбыздан өткөрдүк. Июнь окуясында расмий 400дөн ашуун, эл арасында айтылганы боюнча, 2 миңден ашуун көз жумгандарга ким жооп берет? Азыр, болгону, саясий баа берүү башталды. Бирок мунун артында дагы кандай саясий оюндар старт алып кетери белгисиз. Ош окуясынын күнөөкөрлөрүн кайра-кайра жар салуу менен кээ бир саясатчыларды оюндан чыгаруу операциясы башталганы да айтылууда. Чыныгы күнөөкөрлөр да өз жазасын алышар. Анткени кан алыс узатпайт.

Эльвира Караева
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ИНТЕРНЕТ БУЛАКТАРЫНА «ОШ ОКУЯСЫНА ТАЯП «АТА ЖУРТ»
ПАРТИЯСЫ ПРЕЗИДЕНТКЕ ИМПИЧМЕНТ ЖАРЫЯЛАЙТ»
ДЕГЕН МААЛЫМАТТАР ЧЫГУУДА. БОЛУШУ МҮМКҮНБҮ?

Эдил Байсалов,
“Айкөл эл” партиясынын лидери:
– Андай маалымат уга элек экенмин. Президент өзү толук кандуу президент болбогондуктан, “Ата Журт” ага импичмент жарыялоо менен упай деле топтой албайт. Ал эми Улуттук комиссиянын “күч структураларынын күнөөсү бар” дегенине толук кошулам. Президенттин күнөөсү болсо, моралдык гана күнөөсү болгондур.

Темир Сариев,
“Ак шумкар” партиясынын лидери:
– Бул кандайдыр бир күчтөрдүн атайын чыгарып жаткан ушагы. Президентке импичмент жарыялоо – татаал процесс. Аны көтөрүп чыгып, коюлган күнөөнү далилдеп, парламентке добуш берүүгө коюп, ишке ашыруу үчүн 3 ай убакыт кетет. Президенттик шайлоо өзү күзүндө болот да. Акыркы мезгилде мыйзам жагын карабай эле, болбогон бир кептер айтылып жатат.

Жылдыз Жолдошева,
депутат:
– Бул жалаа. "Ата Журттун" атын жамынып, биздин партия жөнүндө терс пикир жаратабыз дегендерге жол бербейбиз. Р.Отунбаева ошол оор күндөрү өзү жалгыз элдин жүгүн көтөрдү. Ош коогалаңы – талашсыз улуттук трагедия. Кимдер күнөөлүү экенин Улуттук комиссия ачык айтып чыкты. Өзбек диаспорасынын айрым сепаратисттик мүнөздөгү жетекчилеринин аттары аталды: К.Батыров, И.Абдрасулов, Ж.Салахитдинов, К.Абдуллаева.

Аликбек Жекшенкулов,
“Акыйкат” партиясынын лидери:
– Түштүктөгү кандуу окуялар ачык-айкын иликтенип, чыккан себеби аныкталышы керек. Ага бир эле президент күнөөлүү эмес, ошондогу Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да күнөөлүү. “Ата Журттун” болсо “президентти кетиребиз” деген максаты жок. Бул жөн гана пиар деп эсептейм. Болбосо, алар эмне үчүн КСДП менен бирикти? Эгер коалицияны таратабыз дешсе, арыз жазып эле чыгып кетишсе болот.

Кубанычбек Идинов,
экс-депутат:
– Ош окуясын иликтеген Улуттук комиссия кагылыш өзбек диаспорасынын жетекчилери тарабынан даярдалганын айтып чыкпадыбы. Ага президент менен Убактылуу өкмөттүн эмне тиешеси бар? “Ата Журт” партиясы мындай кылса президентке эмес, өзүнө көр казат. Анда “Мекен шейиттеринен” баштап эл көтөрүлөт. Амбициянын да чеги болуш керек да.

Табылды Акеров,
саясат таануучу:
– Убактылуу өкмөттүн курамына кирбей калган партиялар Улуттук комиссия чыгарган жыйынтыкты пайдаланып, президент жана Убактылуу өкмөттү каралап, эл алдында аброюн түшүрүүгө аракет жасап жатат. Мындайча айтканда, президенттик шайлоонун алдынан партиялар арасында кызуу күрөш жүрүп жатат. Анткени бир катар партиялардын лидерлери президенттикке ат салышат.

Адахан Мадумаров,
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери:
– А бизде президент барбы? Президент деген бүткүл эл тарабынан шайланат. Учурда бизде эл шайлаган президент жок. Жеке мен үчүн Роза Отунбаева президент эмес. Импичмент боюнча айтсам, ар бир партия өз көз карашына жараша иш жүргүзөт. “Ата Журт” партиясынын андайга укугу бар.

Базарбек Абдураимов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(35)
22.01.2011. 08:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Biri-birin 4ykyp otura berbey ele ishteshse bolboydy degi...
22.01.2011. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде Акаев , Бакиев, Отонбаева дейбиз ,да баарына алар куноолуу, президент болгондон кийн жумушчуларын караса болмок, пример министирге таштаб койбой, ачыгын айтканда ар бирин оздорун чонтогун ойлошуб, Ош , Жала-Аба урушу жондон жон чыккан жокда, бул жерде мыйзамда отургандардын бизнеси болуб атбайбы, дагы елибиз жерибиз тынч болсун дейбыз, мыйзамдагылар тынч болбойнча еч качан кыргыз ели тынч болбойт,акыркы убакта тераристер дейбыз, кайдагы тераристер???ошол мыйзамда отургандар оздору оило
22.01.2011. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз суйлой беребиз эл баари бир Бакиевти жакшы корушот екен козум жетти
22.01.2011. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Ит уро берет, араба журо берет" дегендей эле мамиле кылышат. Биз экообузду, элди ойлогон эч ким жок. Баары тен эле бийлик, байлыкка умтулушат. Адахан Мадумаровдун суйлогонун, сиз ошондой эле кыйын экенсиз, анда сиз кыйратпайт белениз.
22.01.2011. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men oz kozum m/n korgom owo eki okyany ten,ortodo ele elderdi kyinap koidu.Men korkom dagy owondoidu koruwton,allaxtan bawka korsotpowun tileim.Emne myncha biyliktegiler ozdorun chontoktorun gana oilowot,bul jaktagy karapaiym elderdi oiloi turgan kimisi bar ozu?Kudaiym bawka myndai kanduu soguwtu korsotpow uchun, chondorubuz biri-birin artynan chykui berbesten ar kimisi ozdurunun iwterin tak atkaruu kerek.Ketkender ketti,kelgenderge kudaiym insap bersin emi.Alarga iygilik kaalaim!
22.01.2011. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул окуяга Оштогу эле Өзбектер күнөлүү,,, Бирок Оштогу окуя болгондо? бийлик эч нерсе кыла алган жок. Жаштар гана токтотту, Бийлике Бүткөндөн кийин зоорго жетти окшойт го
22.01.2011. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЭЭЭЭЭЭ....Айланайын Кыргыздар эээ Кыргыздар ОЙГОНЧУ...качанга чейин ушинтип, шумшуйуп ар кимден тилем сурап журобуз? Намыс керек, Уят керек!!! Башка президент келгенде уялбайсынарбы? Сурагандан уялбайсынарбы? Улуу улуттун аттын бузбай!!!! Иштегилечи айланайын КЫРГЫЗДАР!!!
22.01.2011. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
еми чынында бейкуноо кыргыз озбектен баштап отунбаевага чейин куноолуу.. бул жерде акыры емне болду трагедия кыргызстанда болду ким кунолуу кыргыздар конечна.. чиновниктер анан 3кучтор да бар аларды билседа биздин чиновниктер айталбайт и далилдей албайт
23.01.2011. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи бийликтегилерге элдин тагдыры эч кандай роль ойнобойт. ошто канчалаган адамдар олуп жатса,алар бишкекте отуруп алышып бийлик талашып жатышты. моментинде жардам бербегендер туштон кийин жон эле койбойсунарбы?
23.01.2011. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен Адахан Мадумаровдун айткан созуно толугу менен кошулам.
23.01.2011. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оштогу кандуу согушка сарттар куноолу,аларды баш котортпош керек болчу.Депутаттыкка эмне бар?Эми келип артынан ит кыргыздар бизди коро алышпайт,потому что мы богаче,трудолюбивее деп тантырап чет элдик ММКларга чыгып жатышат.Оздору бут центрлерде,жакшы жерлерди ээлеп алышкан.Биздин айылдагы кыргыздар алардан он эсе коп мээнет кылышат го?!А Озбекстан же тажиктер мененби,же туркмендер мененби,же казактар мененби жакшы коншу боло алышпайт.Озбектердин ырысы жок,чырлуу калк келет экен озу.
24.01.2011. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандуу кагылышка биринчиден озбектер куноолу.Отунбаева дагы ак эмес бул жерден.Чекисттерден уккандан кийин ошого жараша аракет кылганда бейкуноо кыргыздар олбойт болчу.Озбекстандагы кыргыздар ушинтип корсунчу Каримов баш болуп кырып жок кылышат.А биздин чондор тескерисинче биздин шартка байланыштуу аракет кылган жаштарды куноолоп камап жатышат.
24.01.2011. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахаТ...кызыкча.. карап тургансып дейсиз да акаеv менен бакиеv ди... ош окуясы ушулардын айынан чыккан саясый оюндун жыйынтыгы да...демек сиз карап турган эмес экенсиз...кызык мамлекеттин азыркы ахыбалына да отунбаева куноолубу...?
24.01.2011. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош окуясында, Бакиев менен Акаевдин эч кандай тиешеси жок... Бул окуяга Жаны бийликтин кколу барса керек деп ойлойм... Себеби Бакиев Эч качан Ошту мындай акыбалга келишин каалабайт болчу, Акаев болсо иши да жок... Билесинерби Бакиев Ошту кандай сонун ондоп жатты эле, корбогондор болсо кор болушат го
24.01.2011. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде ЭКС-терди жамандап артынан тушуп алышат...иштеп жатканда айткандарга алы келбейт эч кимдин. Кербен журо берет, иттер уро берет..
24.01.2011. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн негизкиси биздин депутатар,чиновниктер баштарына жоолук салып шым оордуна юпка кийип алышса жакшы болот эле себеби буларда намыс жок.
24.01.2011. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматтуу nuraly89 сенин коментариилеринде бир аз акыйкаттык бар,КЫРГЫЗ журту буларды тушунуп эле калды,айрыкча ЖАШТАР,мен жеке озум ОШ согушунда болдум,мына ушул учурда билинди КИМДИН кандай ЛИЧНОСТЬ экени.Дагы бир айта кетчу жагдай-уматуу бир нече абоненттер ТОЛУК БИЛБЕЙ БУРУП СУЙЛОБОГУЛО!
25.01.2011. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иигилик сага журтум!
25.01.2011. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
osh okujasynyn boloorun bijlik emes chet eldik jurnalistter da bilip kgide bolushkan.andyktan bijlikti kunooloboi koe albaisyn.alsyz beikapar bijliktin ajynan bei kunoo olup ketken adamdarga jana alardyn jakyndaryna boor ooruit.mamleket jok bolup ketuunun astynda tursa papka dep jurgodorgo soz jok.
25.01.2011. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ya voowe ne ponimayu... nahera otunbaeva powla tuda..? tam je mujiki... nado bylo mo4it' vseh uzbekov po polnoy programme. sami naprosilis'... !!! a nawi 4inovniki do sih por o sebe dumayut. neujeli ne stydno havat' u naroda? ya lu4we budu rabotat' ta4kistom 4em ukrast' s gos budgeta...
ale 4inovniki mojet hvatit a? kak vy soih detey kormite? na balam ya ukral u gos budgeta havay skoka ho4ew'....? kak je vam ne stydno...? otunbaeva jany uy kuttuu bolsun v londone!!! dumaew' nikto ne zn
25.01.2011. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эшмат,Ташмат куноолуубу? Экоонун урушун алдын албагандар куноолубу? Алакандай кыргыздын коопсуздугун карай албаса анын эмнеси окмот! Куноолуну сырттан издебей эле ар ким озунун жоопкерчилигин билиш керек!
25.01.2011. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте Отунбаева 100% кунолу жана ошондой эле Атамбаев,Текебаев,Бекназаров,Исаковтор кунолуу.Балекеттей баарын алдын ала билишкен булар, бирок чара колдонушкан жок миллиондорду уурдагандан башка.Калп эле мамлекеттин коопсуздук секретный- документтери деп коюп акчаны кантип кобурок уурдаштын айласын издеп журушкон.Албетте ОШ,ДЖ окуялары абдан ынгайлуу шартты тузуп берген акчаны жеп алганга жана жаны конституцияны кабыл алышка элди мажбурлоого.Айрым адамдар суроо берет референдумдун эмне тийешеси
25.01.2011. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бар деп? Туздон туз бар,Бакиевтин бийлиги кулабайт жаны конституция кабыл алынмайынча.Во главе Нелегетимной власти-это воры в законе! Вообщем в этой трагедии виноваты все ЧЛЕНЫ ВП в том числе и ОТУНБАЕВА которая преследует интересы СДПК.
25.01.2011. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Отунбаева убактылуу бийлик анан бул анан тигил куноолу дегендерге тан калам. ошол убакта кандай кыйын болуп турду. Адахан байкелерибизге окшогондордон бир ун чыккан жок, анан буткондон кийин куноологодуктун эч кереги жок. Аракет кылгандар дал ошо убакта минтели тигинтели деп журушту. Элге лидер болуп жургон кээ бир саясатчылар дирилдеп турган элди ого бетер дурботуп суйлогондору журоктуу оорутту. Кыйын болушса чыгып бир пикир беришпейт беле. (после драки кулаками не машут).
25.01.2011. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайран Улуу Кыргыз эли! Чынгыз Айтматов айткандай МАНКУРТ болуп калдынго кайран элим! Ким эмне десе ошонуку туура деп. Баары билет Ош согушун Атамбаев, Текебаев, Кадыржан Баатыров и Отунбаеванын макулдугу менен баштаганын! Эмне дегенде туштук кыргыздарды алаксытыш керек болчу чогулуп УО котко тепкиче! Туштук кыргыздар 17 июнь куну которулуп УОту кетиребиз деп каттуу чара коро баштаган эле аны булар УО эч айтбайт!
26.01.2011. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул окуялар болурп жатканда ушул адамдар кайда журду эле озгочо АДАХАН мАДУМАРОВ сиз озунуз жатып алып жашынып , анан иштин баары буткондо жылт этип чыга каласыз! Партиям отсун деп эмне деген создорду айткан жоксуз! Аябай орой адам! Акаева Бакиев убагында эмне кылып журду эле , Каркыраны сатып салып журосуз!!!
27.01.2011. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбектерди Кыргызстандан куп олтуруп айдаш керек. Мамлекетке келсек чондорубуз азырак жеш керек ал жерде отуруп алып машина акча бергиле дебей иштегиле негизи Кыргызстан онуксо эн коз мамлекет болот...
29.01.2011. 08:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
не болсо дагын Бакиев келишин кааалайм..... ал барында свет эле кымбаттады... а азыры? баар жок кымбат.... онун стунон АДАМДАР коркуп эле журушот ... канча деген кан тогулду? терористтер пайда болушту... коро4е Бакиевти маалынды Жакшы эле иштеген болгон экен
29.01.2011. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эптеп эле комментарий жазыштын амалы, копчулугундо! Мени Мадумаровдун айтканы тан калтырды...балким парламентте орун алып калганда минтип айтмак эмес...Кыргызстандын келечегин ойлогон адам "Жеке мен үчүн Роза Отунбаева президент эмес" деп айтмак эмес, кандай гана президент болбосун! Ошол эле Бакиев жасалма добуш менен "легитимдуу" президент болгондо (2009-ж), эмне учун "Жеке мен үчүн Курманбек Бакиев президент эмес" деп айткан эмес? Балким соз креслодо болгон?

29.01.2011. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми Супер жааматка, бул макала О.Текебаевдин заказы менен жарык коргонбу? Эмне учун Бекназаров, Исаков, Болот Шер жонундо калыстык учун болсо да пкир жок?

Анан да урматтуу жаамат, комментарийлердеги согунгон, маданиятсыз создорду алып салсаныздар! Ар дайым супердин форумчусу болгонум учун сыймыктанып келгем! Эгерде мындай создорго жол берилбесе сыймыктана берем!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо