ЭКС-МИНИСТР ДИНАРА КУТМАНОВА ИРИ КОРРУПЦИЯЛЫК СХЕМА ТҮЗҮҮГӨ ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ

№1077 28-июль-3-август, 2023-ж.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мурдагы жетекчиси Динара Кутманова кармалды. УКМКнын билдиришинче, Кутманова министр болуп турганда жеке кызыкчылыгын көздөп мамлекеттин акчасын мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча ири коррупциялык схема уюштурган деп шектелүүдө.

– Экс-министр коррупциялык иштерге кол алдындагы кызматкерлерди гана эмес, өзүнүн жакындарын (уулу жана сиңдиси), жакын чөйрөсүн (үй кызматчысы, уулунун досу жана башка) тартуу менен экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду каржылоого арыз берүүнү уюштурган. Ошондой эле каржылоо үчүн долбоолорду тандоочу комиссиянын мүчөлөрүнө комиссиянын жыйналышын алардын катышуусусуз формалдуу өткөрүү үчүн Кутманова тарабынан кысым көрсөтүлгөнү аныкталды,- деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Кылмыш ишинин алкагында жалпы 9 адам айыпталып жатканы, Кутманованын уулун Түркиядан Кыргызстанга алып келүү иштери жүрүп жатканы айтылды. Кутманова УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Кутманованын шектүү иштери тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өткөн аптада айтып чыккан. Анда такыр жыйынтыгы жок долбоорлорго 1 миллиард сом жумшалып кеткенин сындап, буга Кутманованы жанан анын жакындарын күнөөлөгөн.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо