ТЕНДЕР АРКЫЛУУ МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮ ТОКТОТУЛДУ

№1077 28-июль-3-август, 2023-ж.

Кыргызстанда тендер аркылуу мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү токтотулду. Тийиштүү мыйзамга президент тарабынан кол коюлганы 25-июлда жарыяланды.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл 29-июнда кабыл алган эле. Максаты – мамлекеттик сатып алууларды жөнөкөйлөтүү, оптимизациялоо жана коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу деп айтылган.

Тендерге жалаң чиновниктердин же алардын жакындарынын компаниялары катышып утуп алышат, калыстык болбойт деген нааразычылык коомчулукта айтылып жүргөн. Жогорудагы мыйзам ушул көрүнүштү жок кылат деп үмүт арткандар арбын. Тескерисинче, тендер ачык-айкындыкты камсыздап, ага кимдер катышып жатканын көрсөтүп турчу, эми ишти жең ичинен бүтүрүү күчөйт деп чочулагандар дагы бар. Мыйзамдын кандай иштей турганын убакыт көрсөтөт.

Тендерлер боюнча мындан 5 жыл мурун да атайын мыйзам кабыл алынган. Тийиштүү мыйзамга “чиновниктерге жана алардын жакындарына байланышы бар компаниялар мамлекеттик тендерлерге катыша албайт” деген норма киргизилген. Бирок бул мыйзамдын оң жыйынтыгы байкалган жок, тендерге күмөндүү компаниялар катышкан бир нече факт катталган.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо