№1078 4-10-август, 1078-ж.
– Алар өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин видеого тартышып, аларды социалдык тармактарга жарыялап жүрүшкөн. Улутчул топтун мүчөлөрү өздөрүнүн жарыяларында фашисттик символикаларды колдонушат,- деп билдирди УКМКнын маалымат кызматы.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси – улуттук, расалык, этникалык, диний, аймактар аралык кастыкты козутуу боюнча кылмыш иши ачылып, териштирүү жүрүүдө. Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн мыйзамсыз ишин күбөлөндүрүүчү далил буюмдар алынганы айтылды.
УКМК аталган топтун башка да мүчөлөрү болушу мүмкүн деп ыкчам операцияларды жүргүзүп жатканын кошумчалады.
Эскерте кетсек, буга чейин интернеттеги социалдык тармактарга бир нече жаш жигит өспүрүмдөрдү сабап жатканы тартылган видеотасма тараган.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |