МОСКВАДА ТАКСИСТ САБАЛЫП, КЫРГЫЗ ЭЛЧИЛИГИ ТИМГЕ НОТА ЖӨНӨТТҮ

№1078 4-10-август, 1078-ж.

Москвада такси кызматында иштеген Кыргыз жараны сабалды. Быйыл 18-июлда болгон окуянын видеосу жакында социалдык желеге тарап, резонанс жаратты. Таксист Шамил Муратов жүргүнчүлөрдөн унаанын ичинде сыра ичпөөнү суранган, буга ачууланган кардарлардын бири айдоочуга кол көтөргөн. Жабырлануучу полицияга кайрылса, арызды кабыл албай, кылмыш ишин ачуудан баш тартып коюшканы айтылат.

Ушул окуя боюнча Орусиядагы Кыргыз элчилиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нааразычылык нотасын жөнөттү. Элчилик Кыргыз жаранына кол көтөргөн адамдын ким экенин аныктоо жана издөө боюнча иш жүргүзүлүп жатканын билдирет. Маалыматка таянсак, азыркы тапта мекендешибизге укуктук жактан жардам көрсөтүлүп, анын укугун корго боюнча бардык чаралар көрүлүп жатат. Ошондой эле окуяны Кыргыз ТИМи да көзөмөлгө алганы маалымдалды.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо