УКМК: РАВШАН ЖЭЭНБЕКОВДУН АЯЛЫНЫН КЫЛМЫШ ИШИНДЕ САЯСИЙ ӨҢҮТ ЖОК

№1080 18-24-август, 2023-ж.

Cаясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаевага карата ачылган кылмыш ишинде саясий өңүт жок. Бул тууралуу 14-августта УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Салкынай Алимбаева Бишкектеги кымбат баалуу 2 жер тилкесин ижарага берүү боюнча аукциондо мамлекеттик мекемелерде таанышы бар экенин айтып, жеңишти убадалоо менен ишкерлерден 500 миң доллар алганын билдирет Коопсуздук комитети.

Баасы 1 миллиард 464 миллион 383 миң сомду түзгөн аталган жер тилкелери мамлекетке кайтарылган. Келтирилген зыян толугу менен калыбына келтирилген. 29-июлда Алимбаева үй камагына чыгарылган.

– Социалдык желенин айрым колдонуучуларынын бул ишти Равшан Жээнбековдун ишмердүүлүгү менен байланыштуу деген божомолу таптакыр орунсуз. Жээнбековдун бул иликтөөгө эч кандай тиешеси жок, баары Кылмыш-жаза мыйзамдарынын негизинде гана жасалууда,- деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, экс-депутат Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева быйыл 26-майда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 25-июлда аны камакта кармоо мөөнөтү 24-сентябрга чейин деп узартылды. Равшан Жээнбеков өзү Кемпир-Абад маселеси боюнча кылмышка шектелип жатканы белгилүү.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо