КАЗАКСТАНГА СУУ БЕРҮҮ УБАКТЫЛУУ ТОКТОТУЛДУ

№1080 18-24-август, 2023-ж.

Кыргызстан Казакстандын Жамбыл облусуна сугат суу берүүнү токтотту. Адегенде бул тууралуу Казакстандын ЖМКлары жазып чыгышкан. Көп өтпөй Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги комментарий берип, суу берүү эмне үчүн токтотулганын түшүндүрдү.

– Кыргызстан менен Казакстандын Чу жана Талас дарыясындагы сууну бөлүшүү маселесин чечүү боюнча 17-19-июлда жолугушуу өткөрүшкөн. Казакстан тарап Талас дарыясынын бассейнинде суу жетишсиздигинен улам Жамбыл облусунун эгин талааларын сугаруу оор болуп жатканын белгилеп, Киров суу сактагычынан сууну көбүрөөк өлчөмдө, тагыраагы, 18-июлдан 31-июлга чейин секундасына 45 метр куб суу агызып берүүнү суранган,- деп билдирет министрлик.

Мурда кол коюлган графикке ылайык, Казакстан тарапка секундуна 40 метр кубдан суу агызылмак. Кыргыз тарап Кыргызстандын өзүндө сугат суу тартыш болуп жатканын, суунун агымын көбөйтө албасын билдирген.

– Ага карабай Казак тарап суранычын токтоткон эмес. Муну менен бирге Кыргыз тарап фермерлер сугат сууга абдан муктаж болуп турганына карабай график киргизүү аркылуу өзүнүн суу тосмосунан лимитти үнөмдөгөн,- дейт министрлик.

Жолугушуу жыйынтыгында протоколго кол коюлуп, анда августтун экинчи декадасынан тарта Казакстанга суу берилбей турганы жазылган. Киров суу сактагычына суу көп топтолсо гана коё берүү сүйлөшүлгөн.

– Тилекке каршы, азыркы тапта суу сактагычка секундуна 1 метр куб гана суу агып кирүүдө, көбөйгөн жок,- деп айтылат министрликтин маалыматында.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо