АКШ ПРЕЗИДЕНТИ ЖО БАЙДЕН БОРБОРДУК АЗИЯНЫН ЛИДЕРЛЕРИНЕ ЖОЛУГАТ

№1081 25-31-август, 2023-ж.

АКШ президенти Жо Байден Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн президенттери менен саммит өткөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу Байдендин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевге жолдогон катында айтылганын өзбекстандык ЖМКлар жазып чыгышты.

– 19-20-сентябрда сиз башка лидерлер менен бирге коопсуздук, экономика жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатында биздин жалпы максаттарды чогуу алдыга жылдырууну талкуулоо үчүн С5+1 форматындагы расмий жолугушууга катыша аласыз деп үмүттөнөм,- деп маалымдалат катта.

Ушундай эле кат Борбордук Азиядагы башка өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргыз президентинин атына да келгени айтылат маалыматта.

“Орусия+Борбордук Азия” саммити 2022-жылы Астанада, “Кытай+Борбордук Азия” саммити 2023-жылы май айында Сиань шаарында, “Евробиримдик+Борбордук Азия” саммити быйыл июнь айында Чолпон-Атада өткөн. Ал эми “Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши+Борбордук Азия” саммити июль айында Жидда шаарында орун алды.

Борбордук Азиянын лидерлери менен сүйлөшүү кезеги, демек, АКШ президентинде.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо