№1083 8-14-cентябрь, 2023-ж.
- Республикалык маанидеги беттештерге жалаң гана клубдук командалар катышып, команданын курамында ар бир облустан мүчө болушу керек. Болбосо мындай бөлүнүү коркунучу күчөй берет. Колдоочулар да аймак аралык эмес, клубдар аралык болуп аралашат. Курамына ар бир облустан оюнчу киргизбеген команданы мелдештерге катыштырбай коюш керек – дейт Икрамов.
Бул арга кете баштагандагы сунуш. 31-августта Ошто көк бөрү боюнча президенттин кубогунун финалында Оштун “Достук” жана Таластын “Ынтымак” командалары беттешип, “Ынтымак” жеңүүчү аталган. Оюндан кийин көрүүчүлөр массалык түрдө калыска нааразычылык билдирип, жеңген командага чабуул жасашты. Бул жагымсыз окуя боюнча жалпы 65 киши суракка алынып, 9 адамга кылмыш иши козголду. Азыркы тапта териштирүү иштери уланууда.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |