ПРЕЗИДЕНТ ПРОФСОЮЗДАР ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ӨКҮЛДӨРҮН ТИЗИП АЛЫП ТИЛДЕДИ

№1084 15-21-cентябрь, 2023-ж.

Кыргызстандын Профсоюздар федерациясынын жетекчилери 134 мүлктү мыйзамсыз сатып жибергенин бул жолу президент Садыр Жапаров айтты.

10-сентябрда Жапаров оңдоодон өткөн “Жыргалаң” санаторийине барып, ал жерде аталган федерациянын мүчөлөрү да катышкан чакан жыйын өткөрдү. Анда Профсоюздар федерациясынын жетекчилигин талап-тоноого, интригага, мамлекеттин акчасын натыйжасыз коротууга күнөөлөдү. Жыл сайын федерацияга 600 миллион сомдон бөлүнүп келгенин, 30 жылда жалпы 6,5 миллиард сом бөлүнгөнүн, ал эми федерация “6 тыйындык да иш кылбаганын” баса белгиледи.

- Эмне үчүн 29 киши биригип алып эле талашып, чабышып, башка жактан койбой, башчы болобуз деп жатасыңар. Себеби ошол 6,5 миллиардды талап-тоноп жеп жүрүпсүңөр. Бийлик талашканыңардын сыры ушул эле экен. Жылына бирден курорт салсаңар деле 30 курорт куруп салат элеңер го. Тескерисинче, бүт сатып жиберипсиңер. 284 мүлктүн 134үн сатып жибергенсиңер, документтерди карап чыктым. Жер тилкелерин кертип-кертип эле сата бергенсиңер, ал эми мыйзамда Профсоюздун мүлкү сатылбайт деп турат. Кантип сатып жибердиңер, билбейм – деди президент.

13-сентябрда парламентте депутат Шайлообек Атазов Профсоюздар федерациясынын былык иштерине тийиштүү органдар реакция кылбай жатат деп чыкты.

Буга чейин парламент түзүп, Атазов жетектеген депутаттык комиссия Профсоюздар федерациясынын бир топ мыйзамсыз иштери тууралуу айтып чыккан. Мындан кийин федерация Атазовду жана башка депутаттарды сотко берген.

Кыргызстан Профсоюздар федерациясын учурда Эмил Кызаев жетектейт.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо