УН КЫМБАТТАДЫ, ӨКМӨТ СЫРТКА УН ТАШУУНУ 6 АЙГА ЧЕКТЕГЕНИ ЖАТАТ

№1085 22-28-сентябрь, 2023-ж.

Кыргызстанда ундун баасы кескин кымбаттады. Базарларда бир мүшөк ундун баасы дээрлик 1000 сомго кымбаттаганы коомчулукта нааразы пикирлерди жаратууда. Базарларда нандын баасы 3-5 сомго көтөрүлдү.

19-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу Кыргызстанда ун кампалары бош калды, ундун көбү Өзбекстанга ташылып жатат деп айтып чыкты. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин орун басары Айбек Мамыралиев ундун кымбатташына казакстандык ишкерлердин Кыргызстанга ун жөнөтпөй жатышы себеп экенин айтат. Ал эми министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев ун жетишсиздигине Кыргыз-Казак темир жолундагы мезгилдик тыгын себепкер деди. Кимисиники чын, кимисиники калп экени белгисиз. Депутаттын ун Өзбекстанга ташылып кетти деген сөзүнө комментарий берилген жок.

Төрөбаевдин айтымында, өлкөдө буудай тартыштыгы жок. Эгер тартыштык жаралса, анда Мамлекеттик материалдык резервдер фонду ун ишканаларын керектүү көлөмдө буудай менен камсыздайт. Кампада ун, май, кумшекер сыяктуу азыктардын кеминде 5 айга жетерлик запасы бар деди ал.

Министрлер кабинети буудай жана унду Кыргызстандан сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салууну сунуштады. Тийиштүү токтом даярдалып, 19-сентябрда талкууга коюлду.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо