ЖЕЛЕКТЕГИ КҮНДҮН НУРУ ӨЗГӨРТҮЛГӨНҮ ЖАТАТ

№1086 29-сентябрь-5-октябрь, 2023-ж.

Кыргызстандын мамлекеттик желегиндеги туунун көрүнүшү өзгөртүлүшү мүмкүн. Тийиштүү мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңеш 28-сентябрда коомдук талкууга чыгарды. Демилгечилер – төрага Нурлан Шакиев жана депутат Улан Примов.

“Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын туусунун ортосундагы түндүк менен күндүн нурун көрүүдөгү кабыл алынышында күн караманын гүлү же боз үйдүн тышкы бети сыяктуу түрдүү интерпретациядагы дилемма пайда болгондуктан, туунун чагылдырылышындагы маанинин бир мааниде туюнтулбагандыгын жоюу үчүн чараларды көрүү керек”,- деп айтылат мыйзам долбоорунун негиздемесинде.

Туудагы күн нурун толкун сымал эмес, түз чачыраган формада кылуу сунушталууда. Желектеги күндүн нурларынын жаңы эскизин иштеп чыгуу үчүн авторлор – бул тууну баштапкы этапта иштеп чыгышкан, математикалык эсептөөлөрдү жүргүзүп, чиймелерди чийип, коштоочу иштерди жасаган инсандар тартылышканы айтылды.

Буга чейин туунун кызыл түсүн көк түскө алмаштыруу сунуштары да айтылып, коомчулукта нааразычылык жаратып келген.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо