АЯЛЫНЫН БЕТИН КЕСКИЛЕГЕН АДАМ БАШКА КЫЛМЫШЫ ҮЧҮН 8 ЖЫЛГА СОТТОЛДУ

№1086 29-сентябрь-5-октябрь, 2023-ж.

Бишкектин четиндеги Селекция конушунда мурдагы аялынын кулагын, мурдун кескилеп салган адам зордуктоо кылмышына күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди 27-сентябрда Чүй облустук соту чыгарды.

Жабырлануучу буга чейин зордуктоо кылмышы боюнча милицияга 2 жолу кайрылганын Жогорку Соттон билдиришкен. Биринчи окуя тараптардын элдешип алуусунан улам токтотулса, экинчи иш боюнча Сокулук райондук соту айыпталуучуну 3 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Соттолгон адам – жабырлануучунун мурдагы күйөөсү. Бул чечимге макул болбогон аял облустук сотко кайрылып, жогоруда айтылгандай, кылмышкер 8 жылга эркинен ажыратылды.

Ал эми Селекция конушундагы чуулгандуу окуя боюнча өзүнчө кылмыш иши ачылган. Ал иш “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренесинин алкагында тергелип жатат, сотко өтө элек.

Эскерте кетсек, 20-сентябрда мурдагы күйөөсү аялдын ырайымсыз кыйнап, бети-башын кескилеп салган. Жабырлануучуга оор операция жасалды, алдыда дагы бир нече операция күтүп жатканы айтылды. Ал эми кылмышка шектүү 2 айга камакка алынды.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо