КАЗИНО КАЗЫНАНЫ ТОЛТУРУП ЖАТАБЫ?

№1087 6-12-октябрь, 2023-ж.

2023-жылдын январь-август айлары аралыгында казинолордон бюджетке 46 миллион 350 миң сом киреше түштү. Бул 2 казинонун төккөн салыгынын суммасы. Мындай маалыматты Каржы министрлиги жарыялады. Мындан тышкары букмекерлик кеңселерден жана тотализаторлордон 1,4 миллион сом, оюн автоматтарынан 80 миң сом түшкөнү айтылат маалыматта. Жалпы алганда, 8 айда аталган тармактан бюджетке түшкөн киреше 47 миллион 830 миң сомду түзгөн.

Кыргызстанда казино ишине 2022-жылы уруксат берилген. Мыйзамга ылайык, оюн залдарына Кыргыз жарандары киргизилбейт. Ал эми казинолордон мамлекеттик казынага жыл сайын 2 миллиард сомдун тегерегинде салык түшүп турары айтылган. Финансылык чалгындоо кызматынын божомолу боюнча, 2023-жылы 1,6 миллиард сом салык түшүшү керек эле. Көрүнүп тургандай, киреше түшүрүү жагы күтүлгөндөй болгон жок.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо