№1089 20-26-октябрь, 2023-ж.
Атактуу десең дүйнө жүзүнө белгилүү, бай десең бай адамдар. Жашоосу түгөл көрүнгөн бул жылдыздардын өнөкөт айыкпас дарт менен жабыркап келерин көпчүлүк биле бербейт. Булардын оору тарыхын окугандан кийин алты саныбыз аман экенине дагы бир жолу шүгүр кылышыбыз керек, окурман. Селена Гомес – бөрү жатыш
Системдүү кызыл бөрү жатыш же болбосо Либмандын оорусу – тутумдаштыргыч ткандардын диффузиялык системдүү оорусу. Аутоиммундук оору, анда адамдын иммундук системи тарабынан өндүрүлгөн антителолор дени сак клеткаларга зыян келтирет, биринчи кезекте тутумдаштыргыч ткандар жабыркайт.
Голливуд актрисасы, белгилүү ырчы Селена Гомес өнөкөт бөрү жатыш оорусу менен күрөшүп жатканын 2015-жылы ачыктаган. Иммундук систем өзүнүн ткандарына өзү “кол салганынын” натыйжасында ырчы айымдын бөйрөгү жабыркап, 2017-жылы бир бөйрөгүн алмаштырууга туура келген. “Мурда бөрү жатыш десе аллергиянын эле бир түрү да деп аны олуттуу оору катары кабыл алчу эмесмин. Өзүм өлүм менен кармашып калган учурда гана кандай оору экенин түшүндүм. Эми өмүр бою гормоналдык препараттар менен жашашым керек” дейт атактуу ырчы.Морган Фриман – фибромиалгия
Фибромиалгия – булчуң, тарамыш жана муундардын өнөкөт оорусу. Бул дарт менен жабыркагандарда уйкусуздук, дайыма чарчаңкы абал, депрессия, стресс да күтүлөт.Жулия Робертс – тромбоцитопения
Голливуд актрисасы бул дарт менен жабыркаарын кокустан билип калган. Башы көп ооруп, башы айланып, дайыма чарчаңкы абалда жүргөн Жулия 2002-жылы дарыгерлерге кайрылат. Текшерүүдөн кийин ага тромбоцитопения диагнозу коюлган. Дартты жашоо ритминдеги тыгыз иш графиги, организмге күч келтирүү жана инфекциялык оорулар жаратышы мүмкүн. Ал учурда Жулия Робертс бир нече долбоордо иштеп, үйүндө эки баласына камкордук кылып, өзүнө убакыт тапканга жетишпей жүргөн убак эле. “Менин мисалым башкаларга сабак болсун, кеч боло электе өзүңөргө камкордук кылганга убакыт тапкыла” дейт актриса.Пинк – астма
Голливуд жылдызы, ондогон тасмаларды көркүнө чыгарган Чарли Шин 2015-жылы ВИЧ дарты менен жабыркаарын айтып күйөрмандарын “шок” кылган. Учурунда көптөгөн сулууларды торуна илген актёр “сактанбаган” сексуалдык мамилелердин жыйынтыгы ушул дартка алып келгенин билдирген. Анан да “мен эрдик кылгансып ВИЧ болуп калдым деп эч кимге айткым келген эмес. Бирок айрым адамдардын “элге жаям” деп мени коркутуп, акча талап кылуусунан чарчадым” деген. Азыр актёр дарттын өөрчүп кетпешин алдын алып, дайыма дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө.
Асыл Орозбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |