ПРЕЗИДЕНТ: “МАМЛЕКЕТТИК ТУУНУ ӨЗГӨРТҮҮ ИДЕЯСЫ ТУУРА”

№1090 27-октябрь-2-ноябрь, 2023-ж.

Президент Садыр Жапаров Кыргыздын мамлекеттик туусун өзгөртүү идеясын колдойт. Бул тууралуу ал “Кабарга” берген кезектеги маегинде билдирди.

– Бул идеяны колдойм. Буга чейин эле коомчулукта азыркы туубузду күн карамага окшоштурган, андан улам мамлекетибиз өз алдынча көтөрүлө албай, күн карама абалында болуп келетат деген пикирлер айтылып келген. Чынын айтсак, эгемендүүлүк алгандан бери башкаларга күн карама болуп келбедикпи. Ошондуктан туубузга түзөтүүлөрдү киргизүүнүн убакыт-сааты келгендей. Депутаттардын демилгесине келсек. Алар туунун концепциясын алмаштырууну демилгелеген жок. Болгону күн карамадай болуп калган күн нурларын оңдоп коёлу деп жатышат. Алгачкы сунуштаган варианты жеткире иштелип чыкпагандай сезилген, күн нурлары тикенектей болуп көрүнгөн. Кечээ адистер менен кеңешип, кайра оңдоп чыгышыптыр. Эми чындап окшошуптур,- деди президент.

25-октябрда парламент жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо тууну өзгөртүүгө каршы экенин айтып, бийлик жетекчилерин элдин пикири менен эсептешүүгө чакырган. Ал сунушталган вариант боюнча “күн нурларын тарбайтып койсок, анда уйгакка окшошуп калат. Авторлор тууну күн карама деп жатышса, анда өздөрү күн карама” деген оюн айтты.

Демилгенин автору, спикер Нурлан Шакиев “авторлор менен кеңештик, алар да баштагы тууну тааныбай калдык дешти. Баштапкы калыбына келтирип коёлу деген гана максат” деди. 32 жылдан бери колдонулуп келген туунун “таанылбай” калышы боюнча авторлор мурда эмнеге үн катышкан эмес деген суроо туулат.

Коомчулукта болсо “тууну өзгөртсөк эле дүркүрөп өнүгүп кетебизби?”, “башка кыларга иш жокпу?” деген риторикалык маанайдагы суроолор жамгырдай жаап жатат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо