ДЕПУТАТТАР АБАКТАРДЫ КЫДЫРЫШТЫ

№1090 27-октябрь-2-ноябрь, 2023-ж.

Түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча тиешелүү органдардын ишин иликтөө үчүн түзүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы абактарды кыдырып чыкты. Чүйдүн Новопокровка айылындагы №3 абакта азыркы тапта 730 адам жаза мөөнөтүн өтөп жатканы айтылды. Депутаттык комиссиянын төрагасы Жусупбек Коргонбай уулу комиссиянын негизги максаты абакта мыйзамсыз отургандарга көмөк көрсөтүү, өзгөчө оор кылмыш кылып, бирок соттордун коррупциялык аракеттеринен улам мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгып кеткендерди аныктоо экенин билдирди.

– Албетте, бул жерде отурандардын баары күнөөсүз деп айта албайбыз. Кылмыш кылгандар мыйзам чегинде өз жазасын алышы керек. Бирок соттордун акыйкатсыздыгынан улам ак жеринен камалгандар да бар экени коомчулукта көп айтылат. Биз аларга көмөк көрсөтүшүбүз зарыл. Эч ким мыйзамсыз эркинен ажыратылбашы керек,- деди депутат.

Депутаттык комиссия №50 өзгөчө режимдеги жаза аткаруу жайына, Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы №19 мекемеге да барып, кылмышка шектелип камерада отургандарды кармоо шарттары менен таанышты.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо