БИР БҮРКҮМ. БИШКЕКТЕ МЭР АЛМАШТЫ...

№1091 3-9-ноябрь, 2023-ж.

Ош шаардык мэриясы: Ош шаарында 1 тонна көмүрдүн баасы 6500 сом болууда.

Жогорку Кеңеш даун синдрому жана балдардын шал оорусуна байланыштуу көйгөйдү иликтөө үчүн депутаттык комиссия түздү.

Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров кызматтан бошотулуп, ордуна Айбек Жунушалиев дайындалды.

Өлкөдө жыл башынан бери 3289 адам кызамык оорусун жуктуруп алган.

Азамат Кадыралиев президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.

Эрмек Ибраимов Кыргыздын Беларустагы элчиси кызматынан бошотулуп, ордуна президенттин мурдагы басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев дайындалды.

Жогорку Сот Фархат Исмаиловду депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин мыйзамдуу деп тапты.

Экономика жана коммерция министрлиги: Өлкөдө тотализатор жана букмекердик кеңселердин баары жабылды.

Тажикстандан Баткенге аткезчилик жол менен спирт ташыгандар кармалышты.

Өлкөдө министрликтердин биринин жетектөөчү адиси баңгизат менен кармалды.

Кыргызстанда чыгарылган лифттер Орусияга экспорттолору маалымдалды.

Зордуктоо кылмышына айыпталгандардын жазасын катаалдатуучу мыйзам долбоору 2-окуудан өттү.

Кадамжайда оор жүк ташуучу унаа үйдү сүзүп, 2 адам каза тапты.

Ашхабадда 1-ноябрда ТИМ башчыларынын деңгээлинде “Борбордук Азия – Корея” форуму өттү.

Президент Садыр Жапаров Астанада Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитине катышат.

Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 1-ноябрда 99 жыл болду.

Чүй облусунда баңгизат сактоочу жай жок кылынды.

УКМКнын Кемин райондук башкармалыгынын жаңы имараты ачылды.

Жалал-Абад облусунун тургундары базарда жаңгактын баасынын арзан болуп жатканына нааразы.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо