ИЗРАИЛЬ-ПАЛЕСТИНА СОГУШУ: КЫРГЫЗСТАН ГАЗАГА ГУМЖАРДАМ ЖЕТКИРДИ

№1091 3-9-ноябрь, 2023-ж.

Израиль–Палестина согушу масштабын кеңейтип баратат. Кан төгүүнү токтотуу, маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү чакырыктары жыйынтык бербей жатат. Эки тараптан бейкүнөө өмүрлөр кыйылууда.

Йеменден Израилге чабуул жасалды

31-октябрда Йемендин “Ансар Алла” кыймылы (ред.: Йемендин батыш бөлүгүн көзөмөлдөгөн топ) Израилге каршы аскердик операция баштаганын жарыялады. Израилдин аймагын дрон жана ракеталар менен аткылаган кыймылдын өкүлү Яхья Сари: “Операция басмырланган Палестина элин жана анын аскердик каршылык көрсөтүүсүн колдоого багытталат. Израиль Газа тилкесине чабуулун токтотмоюнча биз сокку урууну уланта беребиз”,- деп билдирди. Атылган ракеталар абадан жок кылынып, бутага тийген жок деп билдирди Израиль армиясы. Аталган кыймылдын Израилге ракета атканынан кийин Сауд Арабиясы өзүнүн куралдуу күчтөрүн согуштук даярдыкка келтиргени айтылды. Ошондой эле Йеменден Израилге атылган 3 ракетаны Кызыл деңиздин үстүнөн АКШнын Деңиз-аскер күчтөрү атып жок кылганын чет элдик ЖМКлар жазышты.

Борбордук Азия өлкөлөрү гумжардам жөнөтүүдө

1-ноябрда Кыргызстан Палестинанын Газа тилкесине биринчи гуманитардык жардамын жеткиргени жарыяланды. 19-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары 1 күндүк маянасын Палестина элине жардам катары которууну чечишкен. Ал эми Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Газа тилкесине гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн 1 миллион 500 миң доллар которуу чечимин чыгарды. Коңшу өлкөнүн президенти Палестина элине тилектеш экенин билдирди.

Эл аралык коалиция түзүү аракети

Орусиянын Тышкы иштер министринин расмий өкүлү Мария Захарова ХАМАС кыймылына каршы эл аралык коалиция түзүү боюнча Франциянын демилгесин сындады. Айтымында, бул аракет Жакынкы Чыгышта абалды ого бетер оорлотот.

– Бул куралдуу кагылышуулардын аймагын кеңейтип, жаңжалга жаңы катышуучуларды тартууга жол ачат,- деди Захарова. Орусия Израиль менен Палестинаны кан төгүүнү токтотууга, абалды жөнгө салуу боюнча ортомчулардын иштешине мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.

Буга чейин Франциянын президенти Эммануэл Макрон Израилге жасаган иш сапарынын алкагында аталган палестиналык кыймыл менен күрөшүү үчүн эл аралык коалиция түзүүнү сунуштаган эле.

Жоготуулар канча?

Расмий маалыматка таянсак, Газа тилкесинде каза тапкандардын саны 8,7 миңге жетти. Мындан тышкары, 22 миң адам жаракат алганы айтылды. Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, душман огунан көз жумгандардын 73 пайызы – балдар, аялдар жана улгайгандар. Ал эми Израиль өзүнүн 1,3 миң жараны каза тапканын билдирди.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо