КООМДУК ЖАЙДА ПАРАНЖА КИЙИП, УЗУН САКАЛЧАН ЖҮРҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНАБЫ?

№1093 17-23-ноябрь, 2023-ж.

Кыргызстанда коомдук жайларда паранжа кийип бетти жаап жана узун сакалчан жүрүүгө тыюу салуу сунушталды. Демилгенин автору – парламент депутаты Шарапаткан Мажитова мындай чара коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн зарыл дейт. Сунушталып жаткан мыйзамга ылайык, коомдук жайларда жарандын өздүгүн идентификациялоого тоскоолдук жараткан (мисалы, адамдын жүзүн толук көрсөтпөгөн абал) кийим кийгендер 2 миң сом суммасында айыпка жыгылат же 30 саатка чейин коомдук иштерге тартылат. Эгер жаран экинчи жолу эреже бузса 4 миң сом айып пул салынып, 40 саатка чейин коомдук ишке тартылат деп айтылат мыйзам долбоорунун негиздемесинде. Өлкөдө убактылуу жүргөн же дипломатиялык статусу бар чет элдиктерге, дарыгердин сунушу менен жүзүн жаап жүрүүгө аргасыз болгон жарандарга бул мыйзам иштебейт.“Кыргыз жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” мыйзамга ылайык, беттин санариптик графикалык сүрөтү милдеттүү түрдө чогултулуучу, пайдаланылуучу жана сакталуучу биометрикалык маалымат болуп саналат, узун сакал жана жүздү жапкан кийим аталган мыйзамдын аткарылышына мүмкүндүк бербей жатат дейт демилгечи.

Мыйзам долбоору 14-ноябрда коомдук талкууга коюлду. Эл ичинде демилгечи депутаттын дарегине ачуу сындар айтыла баштады, айрымдар аны ачык эле мазактоого өтүштү. Муфтият да мындай демилгеге каршы экенин билдирди.

Айта кетсек, буга чейин Өзбекстан коомдук жайларда жүзүн жапкан кийимчен жүрүүгө тыюу салган. Бул маселе Казакстанда да бир топ жылдан бери көтөрүлүп келет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо