ТУРЦИЯ ИЗРАИЛДИН ЛИДЕРИН “21-КЫЛЫМДЫН ГИТЛЕРИ” ДЕП АТАП, АНЫ ЭЛ АРАЛЫК СОТКО БЕРДИ

№1093 17-23-ноябрь, 2023-ж.

Түркия Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун үстүнөн Эл аралык кылмыш сотуна арызданды. Израиль лидери Палестинанын Газа тилкесиндеги геноцидге күнөөлөнүүдө.

– Биз Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна 21-кылымдын Гитлери – израиль өкмөт башчысы Нетаньяхунун үстүнөн арыздандык. Ал Газадагы геноцид жана адамзатка каршы өзүнүн бардык кылмыштары үчүн сот алдында жооп бериши керек,- деп билдирди Түркиядагы башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясынын адвокаты Метин Кюлюнк. Доо арызды берүүгө Кюлюнктан башка дагы 2 юрист кошулган.

Айтымында, доо арыз Түркиянын Юстиция министрлиги аркылуу берилди. Анда Нетаньяхунун Палестина элине каршы кылмыштарынын далилдери чогултулуп, андан ары Израиль премьерине жана башка күнөөлүүлөргө кылмыш иши ачылышы керектиги талап кылынат. Нетаньяху Газа тилкесинде бардык эл аралык конвенциялар тыюу салган куралдарды дүйнө жүзүн каратып туруп пайлаланып жатат деп эсептейт түркиялык адвокаттар.

28-октябрда Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган миңдеген адам катышкан митингде Израилди “баскынчы” деп атаган.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо