ИЗРАИЛЬ МЕНЕН ПАЛЕСТИНАЛЫК КЫЙМЫЛ 4 КҮНГӨ ОК АТЫШПООНУ МАКУЛДАШТЫ

№1094 24-30-ноябрь, 2023-ж.

Израиль менен палестиналык ХАМАС кыймылы 4 күндүк элдешүү жана туткундарды бошотуу жөнүндө келишим түзүштү. Чет элдик маалымат каражаттары жазгандай, келишимдин шарттарына ылайык, 4 күн бою гуманитардык жардам жеткирүүгө жол ачык болуп, эки тараптан тең ок атылбашы керек. Ошондой эле ХАМАС израилдик 19 жашка чейинки 50 туткунду (аялдар жана балдар) бошотуп, Израиль дагы өзүнүн абактарынан 19 жашка чейинки 150 палестиналык жаранды (аялдар жана балдар) эркиндикке чыгарып, ортодо алмашуу болору айтылды.

Кармалгандарды бошотуу этап-этап менен ишке ашырылмакчы. Биринчи этапта 30 бала, 8 эне жана дагы 12 аял бошотулат деп күтүлүүдө.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жогорудагы келишимди “оор, бирок туура чечим” деп атады. Ошондой эле Нетаньяху бардык туткундар бошотулмайынча Израиль тынч албай турганын айтат.

Израиль өзүнүн 240 жараны палестиналык кыймылдын туткунунда калганын билдирип келет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо