ЖЕЛЕКТИН АРТЫНАН ГИМН МЕНЕН ГЕРБ ДА ӨЗГӨРТҮЛӨБҮ?

№1095 1-7-декабрь, 2023-ж.

Парламент 28-ноябрда мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзамдын долбоорун 1-окууда талкуулап, колдоду. 66 депутат “макул”, 8 депутат “каршы” добуш берди. 6 депутат добуш берген жок. Желектин өзгөртүлгөн, кабыл алууга сунушталган варианты көрсөтүлдү. Ага ылайык, туудагы күндүн нурлары тегиз жана түз, андагы түндүк мурда 3 чамкарактуу болсо, мындан ары 4 чамгарактуу болот. Ал эми туунун түсү өзгөрүүсүз калат.

Демилгечи депутат Улан Примов Кыргызстан мамлекеттик символикасын өзгөртүп жаткан биринчи өлкө эмес дейт. Ал АКШ, Испанияны мисал келтирип, АКШ мамлекеттик символикаларына 26 жолу өзгөртүү киргизгенин билдирди.

Белгилей кетсек, туу өзгөртүлгөндөн кийин туунун сүрөтү бар документтер (китеп, күбөлүк жана башкалар) дароо өзгөрүшү керек деген талап жок экени да айтылды. Алар акырындык менен жаңыга алмаштырылмакчы. Спикер Нурлан Шакиев элчиликтердеги жана мамлекеттик органдардагы туулар алмаша турганын, аларга жаңы туулар демөөрчүлөрдүн акчасына жасаларын айтат.

Улан Примов Кыргыздын мамлекеттик гимни менен гербин өзгөртүү боюнча да элден көп сунуштар түштү дейт. Аталган атрибуттарды өзгөртүү тууралуу башка депутаттар да маселе көтөрө башташты. Демек, желектен кийин герб менен гимн да өзгөртүлүшү мүмкүнбү?

Маалымат үчүн: Кыргыз желеги 1992-жылы 3-мартта кабыл алынган. 31 жылдан бери анын эч жери өзгөртүлгөн эмес.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо