АКЫЙКАТЧЫ СОЙКУЛУККА ШЕКТЕЛГЕН КЫЗДАРДЫН СҮРӨТТӨРҮН АЧЫК ЖАРЫЯЛАБООГО ЧАКЫРДЫ

№1095 1-7-декабрь, 2023-ж.

Акыйкатчы институту интимдик кызмат көрсөтүүгө шектелип кармалган кыздардын укуктары корголууга тийиш деп эсептейт. Мекеме 29-ноябрда ушундай билдирүү жасап, мамлекеттик органдарды адам укугун коргоону камсыздоого чакырды.

– Аялдардын жүзүн ачык көрсөтүү жана жеке маалыматтарын жарыялоо алардын мыйзамда белгиленген укуктарын бузат. Кыргыз мыйзамдарына ылайык, жарандардын жеке маалыматтарын мыйзамда белгиленген жагдайдан башка учурда алардын өздөрүнүн макулдугусуз жарыялоого жол берилбейт. Ошондой эле Адам укуктары боюнча жалпы декларацияда жеке маалыматты жайылтууга жол бербөө керектиги белгиленген,- деп билдирди Акыйкатчы институту.

Эскерте кетсек, ушул аптада УКМК интимдик кызмат көрсөтүүчү жайда иштеген 70 кыз кармалганын билдирип, алардын сүрөттөрүн атайын жүзүн жаппай жарыялаган. Мунун себебин коопсуздук комитети “мындай мыйзамсыз иштерди уюштурууну жана жасоону көздөп жүргөн адамдарга профилактикалык таасир көрсөтүү максатында” деп түшүндүргөн эле.

Коомчулукта да кармалган кыздардын жүзүн элге ачык жарыялоо алардын мыйзамдуу укугун бузуу деген пикирлер көп айтылууда. “Ачык жарыялап туура кылды, башкаларга сабак болот” дегендер да жок эмес.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо