Бир бүркүм. Мадумаров камакта калды...    

№1099

Өлкөдө 1883 мектеп интернетке туташтырылды деп маалымдалды.

 Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында мамлекеттик тууну кайтарган жоокерлер турган жер реконструкцияланат.

 Депутат Айгүл Айдарова мектепте башталгыч класстын окуучуларына тамак берүүнү жоюп салууну сунуштады.

 Бишкекте интимдик кызмат көрсөткөн жайлардын ишин токтотуу боюнча рейддер жүрүүдө.

 Бишкек шаардык соту 27-декабрда Адахан Мадумаровду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн канааттандырган жок.

 Оштогу №25 тергөө абагын тинтүү учурунда
17 телефон табылды.

 Ноокатта саатына 80 тонна асфальт чыгаруучу завод курулуп жатат деп маалымдалды.

 Биринчи Май району Бишкек мэриясынын түз башкаруусуна өттү.

 УКМК: Чүй облусунда40 күрөөкана текшерилди.

 Таласта жергиликтүү кеңештин депутаты 1 миллион сом пара алууга шектелип кармалды.

 Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору деп эскертет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги. 

 Өзгөртүлгөн желекти колдонуу боюнча мыйзам 26-декабрдан тарта күчүнө кирди.

 Бишкекте жеке менчик клиникалар жана стоматологиялык жайлар текшерилет деп маалымдалды.

 27-декабрда Жалал-Абад шаарында сойкулукка шектелип 3 аял кармалды.

 “Кемпир-Абад” иши боюнча кармалган экс-губернатор Бектур Асанов дарылануу үчүн СИЗОдон ооруканага которулат. 

 Адам уурдоого шектелип 2021-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран Өзгөндөн кармалганы кабарланды.  

 “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси коррупция кылмышына шектелүүдө. 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо