Эрдоган колдойт, Медведев каршы. КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН КИМИСИ КҮЙӨТ?

№431 4-10-февраль, 2011-жыл

Аптанын жаңылыгы

Күчтүү президенттик башкаруу орун алган Орусия Кыргызстанды «катастрофа күтөт» деп опузаласа, парламенттик Түркия биздин багытты колдоорун айтты.

Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга 1-февраль күнү келген сапарында өлкөнүн парламенттик башкарууну тандап алганын колдой тургандыгын билдирди. Союз кезинде союздаш болгон Орусиянын президенти Дмитрий Медведев “Кыргызстан үчүн парламенттик башкаруу – катастрофа” деген эле. Эми суроо жаралат: Кыргызстан үчүн кимиси күйөт?
“Парламенттик башкаруу системасы дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө тажрыйбадан өткөн. Кыргызстанда бул системанын келечегинен шек саноонун кереги жок”,- деди Эрдоган мырза.
Түркиялык өкмөт башчы Кыргызстан коррупция менен болгон күрөшүн күчөтүшү керектигин баса белгиледи. Бир кезде Түркияда да уюшкан кылмыштуулук жана паракорчулук гүлдөп-өнүккөнүн айтат. Бирок түрк боордоштор бул баш оору менен күрөшүп, ооздуктай алышкан. Экономика маселелерине токтолгон ал: “Ишеним менен туруктуулук – эң негизги нерселер. Алар жок болсо, экономика өнүкпөйт”,- деди.
Эми март айында премьер Алмазбек Атамбаев Түркияга иш сапары менен барары белгилүү болду. Эрдогандын айтымында, өкмөт башчылар жыл сайын жолугуп турууга келишишкен.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(12)
04.02.2011. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Режеп Тайип Эрдоган ge men da koshylam..
04.02.2011. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erdogan Azamat
05.02.2011. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Парламенттик башкаруу системасы демократиялык башкаруунун эн эле эффективдуу формасы болуп келуудо жана адам заты азырку убакка мындан жанысын ойлоп таба элек.
Башкача айтканда, Кыргызстан мурдагы эле эски станокту колдонуп журо бербей, жаны чыккан, дуйно жузундо озунун эффективдуулугун корсоткон "жаны машинаны" колдонуп баштады дегендик.
05.02.2011. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрдоган Кыргыз учун ар убакта куйумдуу.эски дос эстен кетпейт.Турктор менен атам замандан бери эле урушуп-кайра жарашып жургонбуз.Отустар болсо оторчулук саясатын жургузуп ар убакта бизди ажыдардай соруп келет.Негизи эч кимге баш ийбеген жакшы
06.02.2011. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Medvedev,ty ne gromatnyi mal'4ik!a mr.Erdogan vy nastoyatwiy politik,uvajaiu vas!
07.02.2011. 04:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erdogandy men ,baryp kelinizchi dep jonotkon elem.
08.02.2011. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизге бирга туркия куйот. анткени тили бир, дини бир, маданияты бир, салт-санаасы бир. Ал эми орустардын биз менен эч нерсеси деле бир эмес.
09.02.2011. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турк эли биздин боордошубуз, биз алар менен катышпагандын себеби ошол эле орустардын пропагандасы аркылуу болгон нерсе.....
Биз эч качан унутпашыбыз керек "Орус менен дос болсон,Ай балтанды кармай жур"-деген макалды.
10.02.2011. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрдоган эмнеси болсо да мусулман го, колдойт деген умуттомун!
10.02.2011. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ar kim ozunun komo4uno gul tartaat
11.02.2011. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Owondoi eli bolup Kyrgyz eli onugup ketsin4i. birok baarynar tim ele Medvedov jaman Erdogan jakwy dep kalypsynarda. kyrgyz eli jaman iwen4eek kalkbyzda.ekoo teskerisin4e aitkanda Medvedov jakwy,Erdogan jaman desener kerek ele.
15.02.2011. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бесплатный сыр только в мышеловке! чын эле аябай ишенчеекпиз ,кимиси жакшы соз айтса ооп кетебиз тез эле алды артыбызды ойлобой!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо