№1102
Кыргызстанда 16-январь күнү 11 медиа өкүлү кармалып, 17-январда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынды. Баары 13-мартка чейин Бишкектин тергөө абагында болору маалымдалды.
ИИМдин билдиришинче, кармалгандар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырык) боюнча айыпталып жатышат. Кылмышка шектелгендер “Темиров лайв” медиасында жана “Айт, айт десе” ютуб каналында жана башка жерлерде иштегендер. Бул арада “24 кж” маалымат агенттигинин жетекчилери да УКМКга 2 ирет суракка чакырылып, кеңсесинде тинтүү жүргүзүлдү.
16-январда акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо, сот, прокуратура органдарын журналисттердин эркиндиктери менен укуктарын коргоого чакырган.
17-январда парламент жыйынында депутат Балбак Түлөбаев президент Садыр Жапаровго кайрылып, журналисттер менен сүйлөшүүсүгө чакырды. “Мындай нерселер азыр билинбегени менен, келечекте өлкөгө зыяны тиет. Журналисттерди чакырып сүйлөшүңүз, мунасага келиңиз, алар да ичиндеги айрым тентектерин тыйсын”,- деди Түлөбаев.
Журналисттердин укугун коргоого бийликти депутат Сеид Атамбаев да чакырды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |