Өкмөт “Керемет Банкты” 7 миллиард сомго сатып алууну пландоодо ”

№1104

Парламент 31-январда “Керемет банкты” (мурунку “Росинбанк”) Улуттук банктан министрлер кабинетине сатуу жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулап, биринчи окууда колдоду. Мыйзам долбооруна ылайык, өкмөт “Керемет Банктын” 97,45 пайыз акциясын 7,1 миллиард сомго сатып алууну көздөөдө. Талкууда депутат Дастан Бекешев республикада социалдык маселелерди чечүүгө каражат жетишсиз болуп турганда банктын акцияларын сатып алмакчы болуп жаткан министрлер кабинетин жемеледи. “Мен сиздерди колдойм, Улуттук банк “Керемет Банкты” сатып кутулушу керек. Бирок министрлер кабинети 7 миллиард сомду кайдан табат? Мектептерде тамак-ашка акча таппай жатабыз. Ал тургай бул сумманы кыскартууну сунуштаганга чейин жетип, мектептерде окуу китептерине, “Тез жардам” унааларына, айлыктарга акча жетпейт жатса, банк сатып алуу үчүн 7 миллиардды кайдан алышат?”- деген суроосун узатты. Ага каржы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев “каржы булактары табылат. Бул күчтүү банк, биз актив сатып жатабыз. Алынган дивиденддерди сиз айткан социалдык маселелерди чечүүгө жумшайбыз” деп жооп берди. Талкуунун жыйынтыгында коммерциялык банкты өкмөттүн сатып алуусуна 74 депутат “макул” деп добуш берсе, эки гана депутат каршы чыкты.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо