Кыргызстан боор алмаштыруу операциясына даярбы? Түркиядан окуп келишкен врачтар күмөн жаратууда 

№1107

Боор алмаштыруу боюнча Түркияга окууга жөнөтүлгөн кыргызстандык 30 дарыгердин үчөөсү гана “боорго операция жасай алат” деп табылды. Мындай маалымат 19-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында айтылды. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев окууга жөнөтүлчү дарыгерлердин тизмесин түзүүдө катачылык кеткен деп билдирди.

– Ачык эле айтыш керек, биринчи жана экинчи бригада туура эмес түзүлүп калган. Ал жакка “боор кайсы жерде жайгашканын билген” тажрыйбалуу дарыгерлер жөнөтүлүшү керек эле. Жеке клиникалардан көп дарыгер жөнөтүлгөн, алардын баарын 2 күндөн кийин артка кайтардык. Окуудан өткөндөрдүн калганы болсо эч жерде иштебеген клиникалык ординаторлор. Окуп келишип, эми аларды жумушка орноштуруу маселеси жаралууда. Жолугуп сүйлөштүм, алар боор алмаштыруу операциясын жасоого даяр эмес,- деди Бейшеналиев.

Депутат Улукбек Ормонов окуудан өткөн врачтардын көбү операция жасоого кызыкдар экенин айтып, алар ишсиз, көчөдө калбашы керек дейт. Ал эми депутат Элмурза Сатыбалдиев 30 дарыгердин ичинен үчөөсү гана операция жасай алат деп табылганын эскертти.

Түркия тарап да 30 дарыгердин ичинен үчөөсү гана операцияга кирсе болот деп кат жөнөткөнү белгилүү болду. Аталган 30 дарыгерди Ош мамлекеттик университети жана Бишкектеги Медициналык академия жөнөткөнүн айта кетели. 

Алымкадыр Бейшеналиев учурда Түркияда боор алмаштыруу боюнча 22 адис, жилик чучугун трансплантациялоо боюнча 10 адис жана 3 лаборант окуудан өтүп жатканын айтты. Быйыл март айында Бишкекке Түркиядан адистер тобу келип, Кыргызстан боор алмаштыруу операциясына канчалык даяр экенин текшерери күтүлүүдө.

Жогорку Кеңеш депутаттык комиссия түздү. Бул комиссия Түркиядан окууга мамлекеттик эмес, жеке клиникалардын дарыгерлери эмне болуп жөнөтүлүп калганын, окуудан өтүп келгендерин жумушка орноштурууга болобу-жокпу деген суроолорго жооп издейт.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо