Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу демилгеси көтөрүлдү

№1108

Парламенттин 28-февралдагы жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев мурдагы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу демилгесин көтөрдү. Айтымында, Жээнбеков Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция, ЖЭБдеги жарылуу, пандемия маалындагы иштер үчүн жооп берүүгө тийиш.

– Президент “кийинкибизге жаман болуп калбасын, ошон үчүн экс-президент кылып калтырдык” деп айтып келет. Андай болбошу керек. Эгер коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүрүп жатса, анда баары жооп бериши керек. Сооронбай Жээнбеков президент кезинде Алмамбет Салиев деген болгон, ал укук коргоо органдарын гана тескебей, сот органдарына чейин кийлигишкен. Эмне үчүн ал жооп бербейт? Атамбаевдин айдоочусу Илмиянов эмне үчүн жооп бербейт? Мен депутат болгондон кийин Сооронбай Жээнбековду экс-президент статусунан ажыратуу маселесин көтөргөм. Атамбаев менен Сапар Исаков ЖЭБди жаңылоого алынган 386 миллион долларды “жеп” коюшканда бул киши вице-премьер эле. Андан кийин премьер болду, пандемияда башка өлкөлөр берген 600 миллион долларды дары-дармек сатып алууга эмес, башка нерсеге жумшашкан,- деди Акылбек Түмөнбаев.

Бул маселе боюнча Жогорку Кеңеш депутаттык комиссия түзүшү керек деп сунуштады.

Сооронбай Жээнбековду экс-президент катары бир катар артыкчылыктарынан ажыратууну 2022-жылы депутат Жеңишбек Токторбаев сунуштап чыгып, колдоо тапкан эмес. Жээнбеков мамлекеттик дачаны өмүр бою пайдалануу, бекер мамлекеттик кайтарууда болуу сыяктуу артыкчылыктардан ажыратылышы керек деген эле Токторбаев.

Айта кетсек, Кыргызстанда Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков “экс-президент” деген макамга ээ.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо