Кыргызстан электромобиль кураштыра баштайт

№1108

28-февралда президент Садыр Жапаров Сокулук районунда автоунаа чыгаруучу заводдун курулушуна старт берди. “Завод 2024-жылдын август айында ишке кирет” деп маалымдады президенттик администрация. Ал жерден электромобилдер, жеңил автоунаалар, коммерциялык унаалар, атайын техникалар кураштырыла баштамакчы. Долбоор кытайлык компания менен бирге ишке ашырылат, биринчи этапта 115 миллион доллар инвестиция салуу пландалууда. Заводдун кубаттуулугу жылына 80 миңден ашык автоунааны түзөрү маалымдалды. Садыр Жапаров бул долбоор өлкөнүн автоунаа өнөр жайын өнүктүрүүгө, кошумча иш орундарын түзүүгө шарт түзөт деп билдирди. Автоунааларды чыгаруу, импортко автоунаа тетиктерин өндүрүү, Кыргызстандын улуттук автомобиль брендин түзүүгө умтулуш керектигин кошумчалады президент.

Айта кетсек, буга чейин Чүй аймагына Өзбекстан менен биргеликте автоунаа заводун куруу боюнча да сүйлөшүүлөр жүргөн. Экономика министри Данияр Амангелдиев ал заводдун алгачкы унаалары 2024-жылдын алгачкы 6 айында жарыкка чыгышы күтүлүп жатканын айткан эле.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо