№432 11-17-февраль, 2011-жыл
Аптанын жаңылыгы
Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путиндин ысымын Кыргызстандагы бир чокуга ыйгаруу демилгеси Жогорку Кеңеште колдоого ээ болуп жатат. Путин чокуга чыгабы же чыгарууга каршы болгондор күчтүүлүк кылабы?
Жаңы жылдын алдында эле бул маалымат заматта тарап кеткен. Премьер Алмазбек Атамбаевдин кесиптешине болгон өзгөчө белеги журналисттердин көз жаздымында калган эмес. Оппозициячыл “ата мекенчилер” чокуну Путин деп атоого караманча каршы чыгышкан эле. Эскерте кетсек, расмий Маскөө ансыз да “ата мекенчилерди” мокочо көрүшөт.
Ошентип, бул аптада Жогорку Кеңеште “Географиялык аймакты “Владимир Путиндин чокусу” деп атоо жөнүндө” мыйзам долбоору комитетте ийгиликтүү колдоого алынса, эртеси КСДПнын фракциялык жыйынында каралды. Бирок дал ушул мыйзам долбоору талкууга жеткенде, журналисттерди залдан сый менен чыгарып коюшту. Буга чейин негизги тоскоолдук “географиялык аймакка каза болгон адамдын гана ысымы берилет” деген мыйзамдагы шарт болчу. Бирок өкмөт “өзгөчө учурларда гана тирүү кишинин ысымын ыйгаруу мүмкүн” деген экинчи жолду тапты.
Албетте, Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана миллионго жакын мекендештерибиз ал жакта иштеп келишет. Күнгөйү болгонго жараша бул маселенин тескейи да бар. 2008-жылы январь айынын ичинде эле 9 кыргызстандык жаранды скинхеддер мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Кыргыз өкмөтү бир канча жолу улутчул уюмду жоопкерчиликке тартуу зарылдыгы менен кайрылганына карабастан, алгылыктуу жооп боло элек. Кайдигерликтин айынан жергиликтүү активисттер “Кыргызстандын калкынын 10 пайызы орустар” деп жумшак түрдө коркутууга өтүшкөн.
Маалымат үчүн: Путиндин ысымын чокуга берүүнү Москва райондук Кеңеши көтөрүп чыккан. Чоку Чүй облусунун Кыргыз тоосунан орун алып, анын бийиктиги 4,5 миң метрге жакын.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
aga bolso Yssik-koldyn aityn almashtyryp degendei.
Sat, sat, sat baaryn sat, ayagynda koltugundun junun sat degen yrdy ugushpasa kerek.
...kaira ele ak4a almai bolup atat da.ushul ele sandyn bashka makalasynda turat go.
bul jon ele ki4ine bashka4araak jolu.
Ал жаккан кундо деле, ошол кошоматчылык менен буткон жумуш ийгиликтуу аяктабайт! Ошондуктан бир патриотизмдик аттардан коелу. Озунду сыйласан душманын дагы сени сыйлайт!
Составына кирсек элибизге жакшы болоор эле.
Kyrgyzstan , Rossiadan kontrol bolunat !!!
Kyrgyz elimdin Namysy jogolbosun ishygylyp !!!
i vovshe nam etot sostav nenujen !!!
prosto mozgi kogda zarabotaiyt u nashih tam polotikov kak oni sebia nazyvaiyt , nikto neznaet !
Bashinardi ishtetkile4i GK