Бир бүркүм. БАШКЫ БАЛАТЫ ОРНОТУЛУУДА...

№1145

Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарын “үчүнчү борбор” деп атады.

 Өлкөдө быйыл 900 миң тонна кант кызылчасы жыйналары күтүлүп жатканы айтылды.

 Кыргызстан 10 айда 3,3 тонна курут экспорттогон.

 Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтына жаңы жылдык башкы балатыны орнотуу иши башталды.

 Чолпон-Ата шаарында 100 орундуу жаңы оорукана курула баштады.

 13-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 миллиард 103 миллион метр кубду түздү.

 Камчыбек Ташиев Талас-Тараз жолун 2 жылда оңдоп бүтүү тапшырмасын берди.

 Мас абалында унаа айдагандарды азыркыдай 1 жылга эмес, 2 жылга айдоочулук укуктан ажыратуу сунушталды.

 Депутат Эрулан Кокулов оору жуктурбаш үчүн адамдардын кучакташып, өбүшүп учурашканын токтотуш керек деп чыкты.

 Жыл башынан бери өлкөдө 47 576 жаран пенсияга чыкканы маалымдалды.

 Бишкектеги Улуттук онкология борборунун жетекчиси Бактыгүл Султангазиева кызматынан бошотулду.

 Экс-депутат Ирина Карамушкина кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

 Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов камактан бошотулду.

 Жакында жүргүнчү ташыган Бишкек-Москва поезд каттамы жанданары айтылды.

 Мындан 1 ай мурун Жумгалда мал кайтарганы кетип жоголгон ата-бала табыла элек. 

 Кыргызстан жыл башынан бери Түркиядан 982 миллион долларлык товар импорттогону маалымдалды.

 Кыргызстандыктар 2025-жылы 1-январдан 7-январга чейин эс алышат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо