Трамп өз командасын курай баштады: АКШны кимдер башкарат?

№1145

5-ноябрда АКШда өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан Дональд Трамп өзүнө команда курай баштады. Чет элдик ЖМКлар анын алгачкы дайындоолорун таң калуу менен жарыялап жатышат.

Трамп АКШнын Коргоо министри кызматына телеалпаруучу Пит Хегсетти көрсөттү. Хегсет мурда АКШ армиясынын курамында Ооганстан жана Иракта кызмат өтөгөн. Ал эми Борбордук чалгындоо башкармалыгынын жетекчилигине улуттук чалгындын мурдагы башчысы Жон Ратклиффти дайындады. Ак үйдүн аппарат жетекчисинин орун басарлыгына Стивен Миллер (мурда Трамптын башкы кеңешчиси болгон), улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи кызматына Майк Уолтц (мурда Трамптын ушул багытта кеңешчиси болгон, АКШ армиясынын курамында Ооганстан, Жакынкы Чыгышта кызмат өтөгөн), мамлекеттик коопсуздук министри кызматына Кристи Ноем (Түштүк Дакота штатынын губернатору), АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү кызматына Элиз Стефаник (конгрессмен) дайындалды. Ошондой эле Томас Хомен (мурда АКШнын иммиграция жана бажы кызматын жетектеген) АКШнын чек ара коопсуздугу жана миграция саясаты боюнча атайын өкүлү, Стивен Виткофф (ишкер) Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүл, Илон Маск (ишкер, миллиардер) менен Вивек Рамасвами (ишкер) жаңы түзүлгөн Өкмөттүн натыйжалуулугу боюнча департаменттин жетекчилери болуп иштешет. Тагыраагы, аларга өлкөнү эффективдүү башкаруу, бюрократияны жоюу, чыгашаларды азайтуу сыяктуу милдеттер жүктөлүүдө.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо