Жол кырсыгынан 10 айда 602 адам каза тапты

№1146

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын билдиришинче, өлкөдө 2024-жылдын 10 айында 5851 жол кырсыгы катталды. Бул былтыркы жылдын 10 айындагы көрсөткүчкө салыштырганда 3,5 пайызга көп. Жыл башынан бери жолдогу унаа кырсыктарынан 602 адам каза тапканы айтылат маалыматта. Акыркы 4 айда эле автокырсыктан көз жумгандардын саны 300дөн ашып кеткенин статистика көрсөтүүдө. Анткени аталган башкармалыктын мындан 4 ай мурун берген маалыматына таянсак, өлкөдө жол кырсыгынан каза тапкандардын саны 300гө жеткен эмес. Жол кырсыктарынын санын азайтат деп түрдүү чаралар көрүлүүдө (мисалы, автомектептерди текшерүү, айдоочуларга айып пулдун суммасын көбөйтүү), бирок көрүнүп тургандай, жыйынтык сезилерлик эмес. Президент Садыр Жапаров жол кырсыктарынын башкы себеби айдоочулук күбөлүктөрдүн сатылышы деп билдирген.

– Айдоочулук күбөлүктү сатууну кан буугандай токтотмоюнча жол кырсыктарынын саны өсө берет. Токтоткон күндө да айдоочулук күбөлүктү сатып алып унаа айдап жүргөн жарандардан дагы 50-60 жылдан кийин гана арылабыз, анткени алар учурда 24 гана жаштагы жарандар,- деген президент быйыл сентябрда.  

Эскерте кетсек, 2023-жылы Кыргызстанда 6945 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 783 адам көз жумган. Аталган башкармалык автокырсыктардын 92 пайызы айдоочулардын айынан болорун билдирип келет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо