Токтогул ГЭСинде №1 гидроагрегат ишке киргизилди

№1146

8 айга созулган оңдоп-түзөөдөн кийин Токтогул ГЭСинде №1 гидроагрегат ишке киргизилди. Бул тууралуу 19-ноябрда Энергетика министрлиги кабарлап, №1 гидроагрегаттын иштей башташы менен ГЭСке кошумча 60 мегаватт кубаттуулук кошулганын билдирди. Аталган агрегатты реконструкциялоо 2024-жылдын март айында башталып, ишти “GE Hydro” компаниясы жүргүзгөн.

Токтогул ГЭСи – Кыргызстандагы эң ири ГЭС, суу сактагычына 19,5 миллиард метр куб суу батат. Реконструкциялоого чейин ГЭСтин кубаттуулугу 1200 мегаватты түзчү. Буга чейин ГЭСтин 2 гидроагрегаты жаңыланып, станциянын жалпы кубаттуулугуна 120 мегаватт кошулган. Жалпысынан ГЭСтеги 3 агрегат жаңыланып, 180 мегаватт кубаттуулук кошулганын, 2025-жылы төртүнчү агрегатты жаңылоо пландалып жатканын билдирет министрлик. Анын жыйынтыгы менен жалпы 240 мегаватт кубаттуулук кошулуп, ГЭСтин иштөө мөөнөтү дагы 25-30 жылга узартылат деп айтылууда. Бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында 12,9 миллиард метр куб суу бар экени маалымдалды. Быйыл жазда андагы суунун көлөмү 7 миллиард метр кубга чейин түшкөн.

Маалымат үчүн: Токтогул
ГЭСин жаңылоого Азия өнүктүрүү банкынан 110 миллион доллар, Евразия турукташтыруу жана өнүгүү фондунан 100 миллион доллар каражат алынган.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо