К-рор жаңылыктары

№1147

Актёр Чон У Сон модель Мун Га Бинин уулунун атасы экенин моюнуна алды

Корей кинематографиясында орду бар, “Афина: Согуш Кудайы”, “Жакшы, жаман, жинди”, “Болот жамгыр”, “Сеул жазы” жана башка сериал-тасмалардын жылдызына айланган актёр Чон У Сондун уулу бар экени белгилүү болду. 22-ноябрда 35 жаштагы Мун Га Би аттуу модель соцтармактагы баракчасына: “Кош бойлуулугум мен үчүн күтүүсүз кабар болду. Элге жарыя кылып, куттуктоолорду кабыл алгандын ордуна тынч, жакындарымдын жанында гана болдум. Бул менин баламдын коопсуз келечеги үчүн керек болчу” деген модель эне болуусу тууралуу узун пост жазган. Турмушка чыга элек моделдин уулунун атасы ким деген суроо дароо желдей тарады. Акыры анын атасы Чон У Сон экени белгилүү болгон. 51 жаштагы актёр баланын биологиялык атасы экенин тастыктады. Ал Түштүк Кореянын мыйзамы боюнча уулу 18 жашка чыкканча алимент төлөп турат. Андан сырткары азырынча актёрдун жалгыз мураскери болуп саналат. Эгер Чон У Сон үйлөнүп, башка уул-кыздуу болсо да Мун Га Би экөөнүн уулу атасынын байлыгына тең тайлаш мураскер бойдон калмакчы. Чон У Сон менен Мун Га Би 2022-жылы таанышкан, ортодо узакка созулган романтикалык мамиле болбогонун жана келечекте баш кошуу пландары жок экенин билдиришти.

BLACKPINK’теги” Розэ менен Бруно Марс фонограмма ырдаганы үчүн сынга кабылышты

23-ноябрда корей шоу-бизнес өкүлдөрүнө сыйлыктарды тапшырган масштабдуу «2024 MAMA Awards» аземи өттү. Анда легендарлуу “BIGBANG” тобу камбэк жасап күйөрмандарын кубанычка бөлөштү. Бирок аземде көрүүчүлөрдү капа кылган учур да болду. Акыркы күндөрү Розэ менен Бруно Марстын аткаруусундагы “АРТ” ыры популярдуу болуп жатканын байкасаңыз керек. Социалдык тармактарда бул ырдын коштоосунда тартылган көптөгөн видеороликтер, телеканал, радиолордон үзгүлтүксүз берилгени буга далил. Америкалык ырчы Бруно Марс менен Розэ да «2024 MAMA Awards» аземине конок катары чакырылышкан. Анан эле “АРТ” ырын фонограмманын коштоосунда ырдады” деп сынга кабылышты.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо