Электр энергиясы: “Баа кымбат, сапат начар” дейт депутат

№1153

Энергетика министри Таалайбек Ибраев жазында электр жарыгынын баасы кымбаттай турганын дагы бир жолу парламентте комитет жыйынында эскертти. Тагыраагы, быйыл 1-майдан тарта светтин баасы 26 тыйынга кымбаттаганы жатат. Калк үчүн электр энергиясынын 1 киловатт-сааты 1 сом 37 тыйындан, коммерциялык багыттагы колдонуучулар үчүн 3 сом 49 тыйынды түзөт. Башкача айтканда, өндүрүш ишканалары үчүн электр кубатынын баасы 31 тыйынга кымбаттай турганы күтүлүүдө.

Депутат Марат Мураталиев министрден электр энергиясын элге туруктуу жана сапаттуу жеткирүүнү талап кылды.

– Эл электр жарыгына акчасын төлөп жатат, бирок ага карабай чектөөлөр бар. Жадакалса суу ысытуучу жабдыктарын иштете албай калышканын, жарыктын баары өчүп калып жатканын айтып даттанышууда. Ооба, үнөмдөш керек. Бирок эл акчасын төлөп жатат да. Балким, лимитти көбөйтүү керек, – деди депутат.

Энергетика тармагында тарифтерди көтөрүү аракети көпчүлүктүн көңүлүн бурууда. Тарифти көтөрүү элдин каржылык абалын кыйындатары түшүнүктүү. Эскерте кетсек, азыркы тапта калк электр кубатын 700 киловатт-саатка чейин иштетсе 1 сом 11 тыйындан, андан ашкан ар бир киловатт-саат үчүн 2 сом 14 тыйындан төлөп жатат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо