АКШ президенти Дональд Трамп кызматына киришти

№1154

20-январда дүйнө жүзүнүн көңүлүн бурган окуя – АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын ант берип кызматка киришүү аземи өттү. Ага АКШнын Клинтон, Буш, Обама сыяктуу мурдагы президенттери, 46-президент Жо Байден, Илон Маск, Марк Цукерберг, Жефф Безос өңдүү миллиардерлер, чет элдик коноктор, Трамптын жакындары жана башкалар катышты. Ант берүү аземинен кийин Трамп “АКШны кайрадан улуу держава кылам” деген ураанын дагы бир жолу айтты. Президенттик кызматынын биринчи эле күнүндө бир катар маанилүү чечимдерди кабыл алды. АКШда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды массалык түрдө депортациялоого киришти, АКШны Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан (ДСУ) жана климат боюнча Париж келишиминен чыгарууну чечти, Байдендин 78 чечимин жокко чыгарды жана башкалар. АКШнын ДСУдан чыгышын “ДСУ коронавирус пандемиясында өзүн көрсөтө алган жок, реформа жүргүзө албады” деп түшүндүрдү АКШ президенти.

Трамптын дагы бир чечимине ылайык, АКШ башка өлкөлөргө жардам берүүнү караган бардык программаларын 90 күнгө токтотту.

Буга чейин Трамп “президент болуп шайлансам Орусия-Украина согушун 24 сааттын ичинде токтотом” деп убада берген. Көпчүлүктү ушул маселе кызыктырып турган учур. Трамп Путин менен жакын арада сүйлөшө турганын, Орусия-Украина жаңжалы 6 айдын ичинде токтошу керектигин айтты, Путин дагы Трамп менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Сүйлөшүүнүн датасы азырынча белгисиз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо