Жаңы дайындалган саламаттыкты сактоо министри эмнени убадалады?

№1156

Саламаттыкты сактоо министрлигин көп жыл жетектеген Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан бошотулуп, ордуна Эркин Чечейбаев дайындалды. Чечейбаевдин талапкерлиги 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында талкууланып, анда талапкер пландарын айтты. Чечейбаев саламаттыкты сактоо тармагындагы негизги көйгөйлөр деп коррупция менен кадр жетишсиздигин атады. “Коррупцияга каршы күрөш биздин министрликтин артыкчылыктуу багыты болот, жетекчилер жана мамлекеттик каражатты бөлүштүрүүчү кызматкерлер тыкыр көзөмөлгө алынат” деди ал. Андан тышкары дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, ооруканаларды оңдоо жана аймактарга жаңы клиникаларды куруу боюнча иштер күчөтүлөрүн билдирди.

Эркин Чечейбаев учурда 51 жашта. 1997-жылдан бери саламаттыкты сактоо тармагында иштейт. 2018-2020-жылдар аралыгында саламаттыкты сактоо министринин орун басары – өлкөнүн башкы санитардык врачы болуп иштеген.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо