«ТАЛАС-БИШКЕК» «МЕН ТЯНЬ-ШАНДЫН» КӨЧҮРМӨСҮБҮ?

№434 25-февраль - 3-март, 2011-ж.

Биз кеп кыла турган тасма режиссёрдун биринчи эмгеги, продюсердин алгачкы долбоору, актрисанын биринчи кадамы... Бирок бардык биринчилер катышкан тасма “Эң мыкты кинотасма-2010” наамына илине алды. Мунун сыры эмнеде деп ойлойсуз?

Тарткан өлкө – Кыргызстан
Жанры – Комедиялык мелодрама
Продюсери – Арнусбек Бегалиев
Режиссёру – Нурлан Разакулов
Бюджети – 15 миң доллар
Башкы каармандар – Чыңгыз Мырзаев, Бегимай Токтобекова, Улан Султангазиев, Шайыр Касымалиева, Эгемберди Бекболиев жана башкалар

КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Талас-Бишкек каттамы. Айдоочу Ильяз (Чыңгыз Мырзаев) таксисттерден талашып алып келген жүргүнчүсү сүйүктүүсүнө айланарын билген эмес. Татына кыздын жүзүнө арбалган Ильяз күзгүдөн аны тиктеп баратып, элди кырсыкка кабылтып коё жаздайт. Таанышып, сезимдери тутанган экөөнү бир топ кайгылуу да, күлкүлүү да окуялар күтүп турган эле.
Асел шаарга келип, үйүнө бара жатып чөнтөк телефонун түшүрүп алат. Тагдырдын тамашасы менен телефонду таап алган өспүрүм анын симкасын отургучта отурган кыздын сумкасына ыргытып жиберет. Кыз симканы үйүнө келгенде байкап, Ильяздан келген сүйүү СМСтерди окуп, курбусу экөө жигитти тамашага салууну чечишет. Алар Ильязды Аселдин атынан кафеге чакырышып, «Асел турмушка чыкты» деп алдап коюшат. Ошентип, кафеде отурганда кыздардын бири аны жактырып калат. Бул учурда Аселдин кудалашкан жери сөйкө салмакчы болушат. Аселде бир гана мүмкүнчүлүк бар болчу. Ал – акыркы жолу Ильязга бекеттен жолугуп, сүйлөшүү эле. Ата-энеси менен баратып атасынан автобекетке токтошун суранат. Ал эми Ильяздын досу анын апасына «Ильяздын сүйлөшкөн кызын ээрчитип келем» деп убада бергендиктен, автобекетке кафеден таанышкан кызды жетелеп келет. Досунун бул жоругуна капа болгон Ильяз маршруткасын айдап бекеттен чыгып кеткен соң Аселдин атасынын машинасы келип токтойт. Ошентип, эки сүйүшкөндүн жолу кайрадан кайчы кетет. Экөөнүн көздөрүндөгү кусалыкты түшүнгөн Элиза (кафедеги кыз) Ильязга чалып, Асел аны издеп келгенин айтат. Жүргүнчүлөрүн таң калтыра маршруткасын артка бурган Ильяз бекетке кайтып, Аселди табат.

ЖҮРГҮНЧҮ КЫЗ, АЙДООЧУ ЖИГИТ
Сиздерге каармандардын аты жана тасмадагы окуя тааныш сезилдиби? Бул дал келүү эмес. Анткени Айтматовдун урматына таазим кылып, «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасындагы Ильяз менен Аселдин ысымын тасманын автору тандап алган. Эл аны заманбап Асел менен Ильяздын окуясы деп түшүнсө да болот. Тасма Таласта, Бишкекте, Ысык-Көлдө, Төө-Ашууда, Суусамырда тартылган.
Продюсер Арнусбек Бегалиев – кино тармагындагы жаңы адам. Бирок тасма жаратуу каалоосу жөн гана кыял болуп кала беришин каалабай, аны тартууга белсенген. «Кыргыздын кооз жерлери чет өлкөлүктөр үчүн экзотика. Ошол ракурстан алып кино тарткым келди. Анан революция болуп маанай чөгүп турган учурда элге позитив тартуулагым келди»,- дейт ал.

ТАБИЯТ ЖАРДАМЧЫ
«Манас-Ордодон» түлөө өткөрүлүп тартылып баштаган үчүнбү, кино тартуучу топко ийгилик жылмайып турган. Бул тууралуу автор: «Кыз гүлкайырлуу талааны аралай баскан учур бар эмеспи, ошол жылы негедир гүл ачылбай койду. Башка жерден тарталы деп турсак сонун болуп ачылып, тартып бүткөндүн эртеси талаа боз ала чаң болуп калды. Күн жааш керек болгон учурда жаап, ачык болчу учурда ачык болуп, табият чоң жардам берди»,- дейт.
Тасмадан таланттуу актёрлор Эгемберди Бекболиев, Шайыр Касымалиева, Тууганбүбү Бообекова, Бакыт Мукулду көрүүгө болот. Ал эми ди-джей Чыңгыз Мырзаевдин актёрлук таланты бар экенине күбө болуп жүрөбүз. Тасмадагы сулуу бийкеч кастинг аркылуу тандалып алынган.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Тасма Эрнест Абдыжапаровдун мастер-классынын 3-фестивалында “Эң мыкты кинотасма-2010” наамын жеңип алган. Ошол эле фестивалда “Талас-Бишкек” тасмасы “Эң мыкты режиссура үчүн” жана “Эң мыкты аялдын ролу үчүн” наамдары менен сыйланган.
  • Актёрлорго бир күндө 500 сомдон 1000 сомго чейин гонорар төлөнгөн. Ал эми кино 1 айда тартылып бүткөн.
  • Тасмадагы эгиздер – Жамшүт менен Жүмшүттүн ролун бир адам ойногон.
  • Саундтреги – Мирбек Атабековдун аткаруусундагы “Ильяздын ыры” аттуу чыгарма.
  • «Манас фильм» студиясынын бул биринчи эмгеги. Чоң максат менен уюшулган топ келечекте «Манас» эпосун экрандаштырууну максат кылууда.

Эрнест Абдыжапаров,
режиссёр:
– Биз уюштуруп жүргөн фестивалдардагы эң жогорку наамдын ээси «Талас-Бишкек» тасмасы болду. Фильмдин режиссёру Нурлан Разакулов биздин мастер-класстын бүтүрүүчүсү. Анын тасмасы бизге эмнеси менен жакты? Биринчиден, юмор менен мелодраманы айкалыштырып бере алса, андан да маанилүүсү, фильмдин идеясы болду. Кыргыз жерлеринин көз тайгылткан сулуулугу, Төө-Ашуу, Суусамыр сыяктуу жерлер жогорку сапатта тартылган. Бул чечимди фестивалдын калыстар тобу Гүлбара Төлөмүшева, Нуртай Борбиевдер болуп чогуу чыгардык. Менин оюмча, тасма жакшы тартылган.
Ошондой эле мыкты актёрлор тандалып алынгандыктан, тасмага аталган наамды ыйгарууну туура көрдүк.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(17)
25.02.2011. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mmm... myncha suluu kyz...
25.02.2011. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун кино го????
26.02.2011. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз жакшынакай экен!!!Бирок гонарарларыны жазбай эле койбопсунар да))))
26.02.2011. 07:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кубанып журом коптон бери,бизде Кыргызымда аябай жакшы кинолор тартылып жатат, бирок биринда коро элекмин. Кыргызстанга барсак буйурса коробуз.
26.02.2011. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз абдвн сулуу экен. Кино Эрнист Абдыжапаровдун мастер классынын бутуруучусунуку болсо анда коруш керек экен.
26.02.2011. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы кино!Корсонор окунбойсунор.
28.02.2011. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз жерлеринин кооз жерлерин чагылдырган мыкты тасма актер актрисалар дагы жакшы тандалган.Режиссер байкеге мындан ары да ийигилик каалайм ушундай тасмаларды коп коп тартыныздар.
28.02.2011. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы....узбек, казактардын киносунан коро озубуздун кинолорубуз (профи) коп болсун...
01.03.2011. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Suluu kyz eken.
04.03.2011. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын кыздары дайма сулуу болгон!!!
04.03.2011. 04:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы убактары кыргыздар кучтуу кучтуу кинолорду тарта башташты бул деген прогресс
11.04.2011. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyz kınoloru ulam bargan sayın jakwy jakka onugup jatat!
13.04.2011. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кантип кочурчо болот кинону? жардам бергиле
05.06.2011. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун кино экен...))
кыз менини кыялымдагыдай......+10
10.06.2011. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жакшы кино.себеби:Жамшүт менен Жүмшүттүн ролун менин кассташым Калдаров Нургазы ойногон.мен кубанычтамын актерлор айылдан чыгат дегендей классташыма рахмат кыргыздын алдыңкы актеру болушун каалайт элем.Кыргызстандын киносу өнүксүн!!!
04.09.2011. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да, сулуу кыз экен, кыргзыдын кыздары ушундай сулуу болушат да ;)
25.10.2011. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулуу кыз экен
сулуу кыз экен
сулуу кыз экен
эми эмне кылсак кантип бул кызды тапсак анан кепке тартсак
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо