Депутат Масалиев “Баш мыйзамга каршы” деп камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоорун сындады

№1157

Депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин 12-февралдагы жыйынында турак жайды жана автоунааны милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзамга каршы экенин билдирди. Депутаттын айтымында, аталган мыйзам өлкөнүн Конституциясына каршы келет, анткени Баш мыйзамда “ар бир адам өз мүлкүн эркин пайдаланууга жана ага ээлик кылууга укуктуу” деп жазылган.

– Конституцияда “жаран мүлкүн эркин колдонууга укуктуу” деп жатат. Биз “үйүңдү сатыш үчүн сөзсүз камсыздандыруудан өткөрүшүң керек” деген кошумча талап коюп жатабыз. Кыйналып үй куруп бүткөн адамды “камсыздандыр” деп кыйнайбыз. Бул нерсе ыктыярдуу түрдө болушу керек, милдеттүү кылган туура эмес. Жеке пикиримде, бул абдан чоң бизнес долбоор, жеке менчиктеги камсыздандыруу компанияларына абдан чоң акчаларды беребиз. Мындан казына толбойт, элдин чөнтөгүнө гана күч келет,- дейт Исхак Масалиев.    

Айта кетсек, сөз болуп жаткан мыйзамдын долбоору парламентте 2-окууда каралып, кабыл алынды. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматы боюнча, учурда өлкөдө 248 миңден ашык турак жай, 217 миңдей автоунаа камсыздандырылган.

 

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо