Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча келишимге президенттер кол коюшту

№1161

12-мартта Бишкекке Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон мамлекеттик сапар менен келди. Бул анын 2022-жылдагы чек ара жаңжалынан кийинки Кыргызстанда жасаган экинчи сапары (биринчиси – 2023-жылы октябрда КМШга мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин саммитине катышуу үчүн Бишкекке келген). Президент Рахмонду “Манас” аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алды. Мамлекеттик сапар болгондуктан расмий салтанат уюштурулуп, кыргыз жана тажик элдик чыгармалары аткарылган маданий программа көрсөтүлдү. Рахмонду мамлекеттик “Ала-Арча” сейил багын аралатып, кыргыздын каада-салты, улуттук өзгөчөлүктөрү, кооз табияты менен тааныштырышты. Ага комуз белек кылынганы да социалдык тармакка жарыяланган видеолордон улам белгилүү болду. 

Тажикстан президентинин Бишкекке сапарынын негизги максаты – Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча келишимге кол коюу, мындан аркы алаканы сүйлөшүү экени айтылып жаткан. Жакында Кыргыз бийлиги чек ара боюнча орток пикир табылганын, чек ара толук макулдашылганын билдирип, тийиштүү келишимдер Жогорку Кеңеште талкууланган. 13-мартта Бишкекте Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасы боюнча жана башка бир катар келишимдерге өлкө президенттери кол коюшту.  

13-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы дээрлик төрт жылдан бери жабык турган “Кайрагач” жана “Кызыл-Бел” өткөрмө пункттары эки өлкөнүн президенттеринин онлайн режимде катышуусунда ачылды. Эксперттер Рахмондун мамлекеттик сапары Кыргызстан менен Тажикстандын мамилелерин жакшыртуу жана Борбордук Азиядагы стабилдүүлүктү сактоо үчүн маанилүү кадам деп жатышат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо